Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 9-февралы N 90
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ
(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
2007-жылдын 21-июнундагы N 292 буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторду алуусунда
түзүлгөн оор кырдаалга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын жарандарын
улуттук паспорттор менен камсыздоонун абалы жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Кењешинин 2005-жылдын 29-апрелиндеги N 215-III токтомун
аткаруунун жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
2006-жылдын 31-январындагы N 832-III токтомуна ылайык жана Кыргыз Рес-
публикасынын жарандарына паспортторду берүүгө байланыштуу маселелерди
координациялоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Рес-
публикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик
агенттиктин Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттоштуруу боюнча
жүргүзгөн иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-
касынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана
коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-
туу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги Кыр-
гыз Республикасынын жаранынын паспортун 15 календардык күндөн, ал эми
Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун - 30 кален-
дардык күндөн ашырбай берүү мөөнөтүн бекем сакташсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-
рлиги паспортторду алууга документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттик-
ке жана Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү үчүн персонификация-
ланган паспортторду өз учурунда жана үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кыл-
сын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-
касынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкүлөр тууралуу маалымдасын:
- тиркемеге ылайык схема боюнча паспортторду алууга керектүү доку-
менттерди тариздөөнүн тартиби, берүү мөөнөттөрү, алынуучу төлөмдөрдүн
өлчөмдөрү жөнүндө;
- төлөмдөрдү "Эсептик-аманат компаниясы" ачык акционердик коомунун
филиалдары жана сактык кассалары аркылуу жүргүзүүнүн максатка ылайык-
туулугу жөнүндө.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорттук жа-
на визалык иштер башкармалыгы арыздардын болгон бланктарына толук ин-
вентаризация жүргүзсүн жана аларды андан ары натыйжалуу пайдалануу бо-
юнча сунуш киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федераци-
ясына барышкан Кыргыз Республикасынын жарандарын андан ары артка кайта-
рууга жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту
боюнча (ID-карт) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерация-
сынын Өкмөтүнүн ортосунда жетишилген Ноталык макулдашууну Россия Феде-
рациясынын сакташына байланыштуу маселелерди үч күндүк мөөнөттө белги-
ленген тартипте чечсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар
жана технологиялар мамлекеттик агенттиги 2006-жылдын 15-апрелине чейин-
ки мөөнөттө 2006-жылдын паспортторунун үлгүлөрүн (анын ичинде кызматтык
жана дипломатиялык) даярдоону аяктасын жана Кыргыз Республикасынын Тыш-
кы иштер министрлиги менен бирдикте 2006-жылдын 15-августуна чейин
алардын дүйнөнүн тиешелүү өлкөлөрүндө легалдаштырууну жүргүзсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- Миграция боюнча эл аралык уюмдун башчысына паспорттук подразде-
лениелерди модернизациялоо боюнча долбоорду ишке ашырууну тездетүү
өтүнүчү менен кайрылсын;
- Миграция боюнча эл аралык уюм менен макулдашуу түзүү үчүн тие-
шелүү иш-чараларды жүргүзсүн;
- Паспорттук жана визалык иштер башкармалыгын Кыргыз Республикасы-
нын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контролдоо депар-
таментине өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
токтом долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген
тартипте киргизсин.
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын жарандарына паспортторду берүүгө байла-
ныштуу иштерди уюштурууда жана жүргүзүүдө ички иштер органдарына көмөк
көрсөтүшсүн;
- берилген паспорттордун саны, жарандардын аларга керектөөлөрү,
ошондой эле орун алган проблемалар тууралуу Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратына ай сайын маалымат берип турушсун.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар
жана технологиялар мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министринин Аппаратынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча
бөлүмү, реформаларды, мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду
укуктук жактан камсыздоо башкармалыгы менен бирдикте Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамле-
кеттик агенттиги жөнүндө жобону бир жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
11. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Респуб-
ликасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жа-
на коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-
раштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттоштуруу боюнча
жүргүзүлгөн иштер, келип түшкөн арыздардын, персонификацияланган, ташып
жеткирилген жана берилген паспорттордун саны жөнүндө Кыргыз Республика-
сынын Премьер-министринин Аппаратына ай сайын маалымат берип турушсун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы N
56-б буйругу менен бекитилген Иш-чаралардын планын аткаруу боюнча ке-
чиктирилгис чараларды көрүшсүн.
12. Ушул буйруктун 11-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар-
дын жетекчилери Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттоштуруу боюн-
ча тапшырылган иш-чараларды аткаруу мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн жекече
жоопкерчилик тартыша тургандыгы белгиленсин.
13. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-
юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин 2006-жылдын
1-февралындагы N 90 буйругуна
тиркеме
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун
жана Кыргыз Республикаеынын жаранынын жалпы
жарандык паспортун алууда төлөөчү акынын
ӨЛЧӨМДӨРҮ
(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
2007-жылдын 21-июнундагы N 292 буйругунун
редакциясына ылайык)
| N | Паспорт берүү үчүн негиз | Паспорттун | Арыздын | Мамлекеттик | ИИМдин |
| наркы | бланкынын | пошлина | бланк | ||
| наркы | продук- | ||||
| циясынын | |||||
| наркы | |||||
| Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-саrd формасында) | |||||
| 1 | 16 жашка чыккандык | 1,18 Евро | 0,43 Евро | - | 1 cом |
| 2 | Кыргыз Республикасынын | 1,18 Евро | 0,43 Евро | 30 сом | 1 сом |
| жаранынын паспортун | |||||
| алмаштыруу, аты-жөнүн | |||||
| алмаштыргандык, жашаган | |||||
| жерин которгондук, | |||||
| улутун өзгөрткөндүк | |||||
| 3 | Кыргыз Республикасынын | 1,18 Евро | 0,43 Евро | 100 сом | 1 сом |
| жаранынын паспорту | |||||
| жоголгондук жана | |||||
| бузулгандык | |||||
| Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту | |||||
| 1 | Жалпы жарандык паспортту | 6,79 Евро | 0,43 Евро | 60 сом | 3 сом |
| биринчи жолу алгандык | |||||
| 2 | Жалпы жарандык паспортту | 6,79 Евро | 0,43 Евро | 60 сом | 3 сом |
| алмаштыруу | |||||
| 3 | Аты-жөнүн алмаштыруу, | 6,79 Евро | 0,43 Рвро | 100 сом | 3 сом |
| улутун алмаштыруу | |||||
| 4 | Жалпы жарандык | 6,79 Евро | 0,43 Евро | 200 сом | 13 сом |
| паспорттун жоголушу жана | |||||
| бузулушу | |||||
| Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту | |||||
| (1 жыл мөөнөткө берилген) | |||||
| 1 | 2004-жылдын үлгүсүндөгү | 165 сом | - | 60 сом | - |
| жалпы жарандык | |||||
| паспорттордун мөөнөтүн | |||||
| 10 жылга узартуу |
Эскертүү:
1. Арыздын бланкынын, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун
жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун блан-
кынын наркы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ошол төлөгөн күнгө
карата курсу боюнча сом менен төлөнөт.
2. Нарк банктык квитанциялардын бланкынын баасын жана көрсөтүлгөн
банктык кызматтар үчүн акыны эсепке албастан көрсөтүлдү.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 1-февралындагы
N 45 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын
үлгүсүндөгү паспортун алууда жењилдикке укуктуу жарандардын категория-
лары аныкталган.
| N | Мамлекеттик пошлина | Паспорттун | Арыздын | Мамлекеттик | ИИМдин |
| боюнча жењилдиктердин | наркы | бланкынын | пошлина | бланк | |
| өлчөмдөрү | наркы | продук- | |||
| циясынын | |||||
| наркы | |||||
| 1 | 100% | 1,18 Евро | 0,43 Евро | - | 1 сом |
| 2 | 50% | 1,18 Евро | 0,43 Евро | 15 сом | 1 сом |
| 3 | 30% | 1,18 Евро | 0,43 Евро | 20 сом | 1 сом |
Кыргыз Республдкасынын
Премьер-министринин
Аппарат жетекчиси - министр Т.Коеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 21-июнундагы №292 буйругуРаспоряжение · 21.06.2007 · № 292
Шилтеме берет (3)
- Указ Президента КР от 1 февраля 2005 года УП N 45 "О выдаче паспорта гражданина Кыргызской Республики образца 2004 года и общегражданского паспорта гражданина Кыргызской…Указ · 01.02.2005 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 56 буйругуРаспоряжение · 08.02.2006 · № 56-р · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.