Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси-министрдин буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 7-февралындагы № 23
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН
АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ
1. Кыргыз Республикасынын Өмөүнүн 1993-жылдын 11-майындагы № 198
"Республиканын минералдык чийки зат негизги өнүктүрүүгө каражат чеге-
рүү, геологиялык чалгындоо иштерин жана геология тармагын финансылоо
жөнүндө" токтомуна карата тиркелген түшүндүрмө бекитилсин.
2. Бул буйрук тийиштүү министрликтерге жана ведомстволорго
жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси-министр Т.Коеналиев
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
жетекчисинин-министрдин
2006-жылдын 7-февралындагы
№ 23 буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-майындагы
№ 198 "Республиканын минералдык чийки зат негизин өнүктүрүүгө
каражат чегерүү, геологиялык чалгындоо иштерин жана геология
тармагын финансылоо жөнүндө" токтомуна түшүндүрмө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-майындагы № 198
"Республиканын минералдык чийки зат негизин өнүктүрүүгө каражат чегерүү,
геологиялык чалгындоо иштерин жана геология тармагын финансылоо жөнүндө"
токтому менен жер казынасын пайдалануучу ишканалар үчүн минералдык-
сырьёлук базаны өнүктүрүүгө жана калыбына келтирүүгө чегерүүлөрдүн став-
калары бекитилген. Бул токтомдун "Минералдык-чийки зат базасын өнүктү-
рүүгө жана өз эсебинен өндүрүүгө каражат чегерүүлөрдүн өлчөмдөрү"
деген тиркемесине кумдуу чопо жана кыш куюлчу чопо пайдалуу казынды-
лардын түрү катары киргизилген эмес.
Жогоруда аталган токтомду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын
Финансы минстрлиги Минералдык-сырьёлук базаны өнүктүрүүгө жана өндүрүүгө
чегерүүлөрдүн тартиби жөнүндө нускама иштеп чыгып, ал 1998-жылдын
26-мартында финансы министринин № 57/п приказы менен бекитилип, Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлигинде 1998-жылдын 3-апрелинде катталган.
Ал Нускамада пайдалуу казындылардын түрлөрү - кумдуу чопо, кыш куючу
чопо, ошондой эле минералдык-сырьёлук базаны өнүктүрүүгө жана өндүрүүгө
которуулардын тийиштүү өлчөмдөрү бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-декабрындагы № 902
токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-майындагы
№ 198 "Республиканын минералдык чийки зат негизин өнүктүрүүгө каражат
чегерүү, геологиялык чалгындоо иштерин жана геология тармагын финансылоо
жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй толуктоо киргизилген: "Кум
шагыл аралашмасы, курулуш куму, декоративдүү кум жана шагыл" деген
позиция пайдалуу казындылардын түрлөрү: "кум жана топурак аралашмасы,
кыш куюуга жарактуу топурак" менен толукталган.
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясында "Кыргыз Республикасынын
нормативдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Конституциясына,
ошондой эле салыштырганда алардан жогорураак юридикалык күчкө ээ Кыргыз
Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына дал келүүлөрдү
тийиш" деп айтылган.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 5-статьясына ылайык Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору күчүнө кирген учурдан баштап
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарууга милдетүү болот (эгер
ошол актынын өзүндө башкача белгиленбесе) жана башка эч бир орган тара-
бынан бекитилүүгө (санкцияланууга, ратификацияланууга) тийиш эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому Кыргыз Республикасынын
финансы министринин приказына караганда юридикалык күчү догору болгон-
дуктан өз ишинде кумдуу чопону жана кыш куюучу топуракты пайдаланган
чарбакер субъекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын
8-декабрындагы № 902 "Минералдык-сырьёлук базаны өнүктүрүүгө жана
кайталап өндүрүүгө, республиканын геологиялык чалгындоо иштерин жана
геологиялык тармакты финансылоого чегерүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-майындагы № 198 токтомуна толуктоо
киргизүү тууралуу" токтому күчүнө кирген учурдан баштап минералдык-
сырьёлук базаны өнүктүрүүгө жана өндүрүүгө чегерүүлөрдү төлөөчү болуп
калышат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 11 мая 1993 года №198 "Об отчислениях на развитие и воспроизводство минерально-сырьевой базы, финансировании геологоразведочных работ и…Постановление · 11.05.1993 · № 198 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 8 декабря 2004 года N 902 "О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 11 мая 1993 года N 198 "Об отчислениях…Постановление · 08.12.2004 · № 902 · Күчүн жоготкон