# Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 5-мартындагы № 79/12-3 "Кассир кошумча штаттык бирдигин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 5-мартындагы № 79/12-3 "Кассир кошумча штаттык бирдигин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 79/12-3
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/221578>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-19204/edition/598320/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/221578.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 5-мартындагы № 79/12-3 "Кассир кошумча штаттык бирдигин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (05.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/221578

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын XII сессиясы 2014-жылдын 5-марты № 79/12-3 Кассир кошумча штаттык бирдигин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

Токмок ш. мэринин 19.02.2014-ж. чыг.№135/1-4 кайрылуусунун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын 1994-жылдын 23-июлундагы №1/7 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кассалык операцияларды жүргүзүү Тартибинин негизинде, иштин көлөмүнүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу (ӨКМдин Токмок ш. бөлүмү, АӨКБ, кварталдык комитеттер), Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳгү” Мыйзамдарына ылайык жана экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык Кеңешинин аппаратынын жана Токмок ш. мэриясынын Кассири кошумча штаттык бирдигин түзүүгө макулдук берилсин.

2. Токмок шаарынын каржы бөлүмүнүн башкаруучусу (Котко Н.Т.) тарабынан Кассир штаттык бирдигин кармоого жергиликтүү бюджеттен каражат каралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Токмок Шаардык Кенешинин төрагасы

Р.Таманбаев
