Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Беловодск айылдык к еңешинин “Беловодск айылында жарнаманы Жана маалыматты жайгаштыруу Боюнача Эрежени бекитүү жөнүндө” токтому
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Беловодск айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышы
2014-жылдын 18-июну № 101 “Беловодск айылында жарнаманы Жана маалыматты жайгаштыруу Боюнача Эрежени бекитүү жөнүндө” Бюджет боюнча комиссиянын Беловодск айылында жарнаманы жана маалыматты жайгаштыруу боюнча Эрежени бекитүү боюнча корутундусун угуп жана талкуулап, Беловодск айыл округунун кеңешинин сессиясы: ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айылында жарнаманы жана маалыматты жайгаштыруу боюнча Эреже бекитилсин.
Беловодск айылынын Кеӊешинин төрагасы
Чекирбаев .О
Беловодск айыл кешинин депутаттарынын токтому менен Бекитилди 2014-жыл 18 июньда № 101
Беловодск айылында жарнаманы жана маалыматты жайгаштыруу
Эрежеси
1 Берене. Жалпы токтомдор.
Беловодск айылында тышкы жарнаманы жана маалыматты жайгаштыруу боюнча ушул Эрежелер (кийин - Эрежелер) Беловодск айылынын аймагында тышкы жарнама жана маалымат каражаттарынын процесстерин иреттөө жана жөнгө салуу максатында иштетилип чыккан. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарына жогорку эстетикалык жана техникалык деңгээлдеги аткаруу сөзсүз талап кылынат. Тышкы жарнаманы жайгаштыруу “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана ушул Эрежелердин талаптарынын негизинде турмушка ашырылат. Маалыматты жайгаштыруу ушул Эрежелердин талаптарынын негизинде турмушка ашырылат. Ушул Эрежелер ошондой эле Беловодск айылынын аймагында тышкы жарнаманы жана маалыматты өндүргөн жана тарткан чет өлкөлүк юридикалык жактарга, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок жактарга, орнотулган иретте катталган жеке ишкерлерге таратылат.
2 Берене. Тышкы жарнама жана мааалымат каражаттарынын түшүнүктөрү жана түрлөрү.
Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарынын түшүнүктөрү. Тышкы жаранама жана маалымат- бул ички имараттардан жана курулмалардан, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин (андан кийин ишканалар)короосунантышкары жайгашкан, Беловодск айыл округунун жана айыл аймагында жайгаштырылган калкына жана конокторуна маалыматтын кошумча булагы болгон ар кандай түрдөгү билдирүүлөрдүн ээ болуучулары. Жарнама – бул ар түрдүү формада ар түрдүү каражаттардын жардамы менен аныксыз жактардын айланасына арналган, жеке жана юридикалык жактарга, товарларга, идеяларга жана башталыштарга кызыкчылыкты калыптандырууга жана жөлөмдөөгө ошондой эле товарларды жана башталыштарды ишке ашырууга жардам берүүгө арналган, жеке жактар, товарлар, идеялар жана башталыштар жөнүндө билдирүүлөр . Маалымат – бул “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен көзөмөл кылынбаган тышкы жасалгоолордун бардык түрлөрү (ички имараттардан жана короолордон тышкары жайгаштырылган ишканалардын аттары менен көрнөктөр, мекемелер такталайлары, көчөлөрдүн аншлагтары, политикалык жарнама, социалдык плакаттар, майрамдык маалыматтар, театрлардын жана кинотеатрлардын репертуарлары ж.б. ). Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарынын түрлөрү. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарына формасы, көлөмү жана жайгашкан орду боюнча айырмаланган ар кандай түрдөгү билдирүүлөрдүн ээ болуучулары кирет. Чатырдык орнотмолор –имараттын кырбуусунан өйдө же чатырда толук же толук эмес жайгашкан ар түрдүү көлөмдүү же жалпак орнотмолор. Калкан конструкциялар - көкмайсандарда , жолдордун жээгинде, темир жол жана унаа көпүрөлөрүндө, аялдама павильондорунда жана башка жерлерде жайгашкан эки тараптуу же бир тараптуу, жалпак же көлөмдүү конструкциялар. Калкан орнотмолор – курулуш же реконструкция объекттеринин убактылуу тосмолорунда , ошондой эле мекемелердин же жеке үй ээликтердин тосмолорунда жайгашкан орнотмолор. Брандмауэрдик паннолор –имараттардын жана курулмалардын тамдарында жайгашкан конструкциялар. Кронштейнерлер – имараттарга, округду жарык кылуучу байланыш торлордун жөлөктөрүнө перпендикулярдуу аткарылган орнотмолор. Транспоранттар –тартуулар- көчөлөрдүн жүрүүгө жарактуу бөлүмүндө, ошондой эле стойкаларда жана жөлөктөрдө жайгаштырылган транспаранттар. проекциондук орнотмолор – тамдардын тегиздигинде жайгашкан жарнама билдирүүлөрдү калыптандырууга арналган орнотмолор. Көрнөктөр – имараттарда жайгашканконструкциялар, анын ичинде мекемелер тактайлары, маалыматтар көрнөкчөлөрү. Флагшток – имараттардын же курулуштардын тамдарында , ошондой эле бөлөк турган жөлөктөрдө орнотулган атайын кранштейндерде мамлекеттик жана фирмалык желектерди иле турган конструкциялар. Салттуу эмес жарнама каражаттары – аба шариктери, бастырмалар, соода чатырлары, аэростаттар, столдор, отургучтар, кол чатырлар, орундуктар жана башка жарнама максаттарында колдонулган түрлөр. Унаадагы жарнама – унааларда жайгашкан жарнама жана маалыматтар. Убактылуу чыгарылуучу конструкциялар (штендер) – жердин үстүнөн жана объектке жакын жайгашкан чоң эмес чыгарылуучу конструкциялар. Көчөнүн аншлагдары, имараттардын, подъезддердин жана жашоо квартиралардын жана үйлөрдүн номерлери – бул проспекттердин, көчөлөрдүн, тар көчөлөрдүн аттары менен жана үйлөрдүн, подъезддердин, квартиралардын номерлери имараттарда , подъезддерде, квартираларда жайгашкан көрнөкчөлөр.
Берене. Башкаруу жана көзөмөл органы.
Тышкы жарнама жана мааалыматт каражаттарын, Беловодск айыл округунун сүрөт жасалгалоолорду жайгаштыруу аймагында бирдиктүү политиканы турмушка ашырган башкаруу жана көзөмөл органы – Беловодск айыл өкмөтү болуп эсептелет. Беловодск айыл өкмөтү башка кызматтардын (Архитектура, ЖИ “Таза айыл”, Мамлекеттик техинспекция ж.б.) бул Эрежени аткаруу боюнча ыйгарым укуктарын аныктайт жана алардын аракеттерине координация жана көзөмөл жүргүзүп турат.
4 Берене. Тышкы жарнама каражаттарын жайгаштыруу зоналары. Беловодск айыл округунун бардык аймагы тышкы жарнама каражаттарын жайгаштыруу боюнча иш- кагаздарын ар кандай талаптар жана каттатуу боюнча белгилүү тартипте аракеттер жүргүзүлө турган зоналарга бөлүнөт . Борбордук Зона (Зона № 1). Бул зонада тышкы жарнама каражаттарын жайгаштыруу Беловодск айыл өкмөтүнүн макулдашуусу менен жүргүзүлөт. Борбордук зонага Фрунзе, Ленина, Ломоносова көчөлөрү, Кирова, Октябрьская, Ломоносова, Крупская көчөлөрүнүн бөлүктөрү кирет. Башка Зона (Зона № 2).
Берене. Тышкы жарнама жана маалымат текстттерине талаптар.
Беловодск айыл аймагындагы тышкы жарнама жана маалымат тексттери мамлекеттик жана расмий тилдеринде (кыргыз жана орус тилдеринде) жана алардын ээлеринин жана жарнама берүүчүлөрдүн ыктыяры менен – Кыргыз Республикасында жашаган элдердин тилдеринде кошумча таралат. Чет өлкөлүк менен бирге же чет өлкө ишканалардын ишкананын тармагын ачкан көрнөктөрдүн текстттери кыргыз жана орус тилдеринде жазылышы керек, учурунда болсо, эгерде көрсөтүлгөн ишканалардын белгиленген тартипте катталган тексттери болсо, товар белгилери, логотиптери, тейлөө белгилери (белгиленген тартипте катталгандыгы жөнүндө иш-кагазан көрсөткөн учурда ) оригиналдуу түрдөжасалууга мүмкүн. чет тилдеги тексттер кыргыз же орус тилдериндеги тексттерден үстөмдүк кылбашы керек. Чет тилдеги кошумча тексттер жарнама калкандарында жана айнек үкөктөрүндө кана жайгашууга мүмкүн, көрсөтүлгөн тексттер алардын аянтынан 10 % ашык орунду ээлебеш керек жана кыргыз жана орус тилдеринде түшүндүрмө тексттери болуусу керек. чет өлкө аталыштардын кириллица тамгалары менен жазылууга, ошондой эле кыргыз жана орус тексттери – латиница тамгалары менен жазылууга болбойт, эгерде фирманын тексти товар белгиси, логотипи же тейлөө белгиси ушул жазылышта катталбаса. Тексттерде кыскартылган сөздөрдү жана аббревиатуралардыколдонууга болбойт, эгерде алар белгиленген тартипте катталбаса. Товар белгилерин жана тейлөө белгилерин алардын ээлеринин уруксаты жок тексттерде колдонууга болбойт.
Берене. Политикалык тышкы жарнаманы жайгаштырууга көрсөтүлүүчү талаптар.
Беловодск айыл аймагында тышкы жарнаманы жайгаштыруу учурунда, жарнама берүүчү же жарнама таркатуучу адам аны таркатуу мөөнөтүнөн эки жума мурун политикалык жарнаманын улгүлөрүн орус жана кыргыз тилдеринде тиркеп жазуу түрүндө Беловодск айыл өкмөтүнө жиберүүсү зарыл. Тышкы политикалык жарнама баракчалар, плакат, афиша, транспарант- тартуулар, аппликус түрүндө таратылат жана арыз ээсине уруксат барүүчү иш- кагаздары берилгенден кийин атайын бөлүнүп берген жерлерде жайгаштырылат. Политикалык тышкы жарнама мамлекеттик же муниципалдык менчикке кирбеген имаратта , күркөдө, айнек укөктө, жеке курулуштун тосмолорунда жайгашса, жарнама берүүчү же жарнама таркатуучу адам көрсөтүлгөн объеттилердин ээлеринен уруксат алуусу зарыл. Политикалык тышкы жарнаманы чаптоого жана илүүгө болбойт: имараттарды, курулуштардын маңдайына, тосмолорго; аялдама павильондорунун орнотмолоруна; жарык берүү жөлөктөрүнө жана бактарга; почта жана электро ящиктеринде. Объект ээлеринин уруксаты жок политикалык тышкы жарнаманы жайгаштырган учурда, объект ээлери жарнама берүүчүнү эскертпей илинген жарнама продукциясын алып таштоого укуктуу. политикалык тышкы жарнаманы жайгаштырууга уруксаттын мөөнөтү бүткөндө, жарнама берүүчү же жарнама таркатуучу адщам 3 күндүк мөөнөттө алып таштоону жана тазалоону, бардык баракчаларды, плакаттарды, афишаларды алып салуусу керек жана жарнама беттерин баштапкы акыбалына алып келиши керек.
Берене. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарына коюлган талаптар.
Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарын имараттарда жана курулуштарда, карниздереде, орнотмолордо жана башка жерлерде орнотуу алардын ээлеринин макулдашуусу менен гана жайгаштырылууга мүмкүн, электр берүүгө кошулуу болсо анын резервде болгон үчурунда гана. Ишкананын негизги багыты эмес боюнча маалымат жарнама катары каралат. Тышкы жарнаманын бардык типтерин жана маалыматты даярдоодо колдонулган материал азыркы сапат талаптарына жооп берүү керек. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарынын ээлери милдеттүү: Беловодск айыл өкмөтүндө аларды орнотууга жана колдонууга уруксат алуусу керек; орнотулган конструкцияга бекитилген проект иш-кагаздары болуусу керек; кечки убакта конструкциянын үстүн сүрөттөөлүүсүн жарык кылууга ички жана тышкы жарык кылуу менен камсыз кылууга, майда формаларынан тышкары; жарнама таркатуучунун маалыматтары көрсөтүлгөн (мекеменин аталышы, дареги, телефон номери ) жарнама калканынын маркалоосу болушу керек; алардын орнотулган жердеги жанаша жаткан аймагынын абатына (аймакты жашылдандыруу, бактатарды кыркуу,эгерде алар сүрөттү көрүүгө тоскоол кылса )көзөмөл кылуу; аларды өз убагында оңдоо (конструкцияны жана тосмону сырдоо); жарнама жана маалымат орнотмонун ажыратууда (уруксат берилүүчу иш кагаздарынын таасир мөөнөтү бүткөндө же мамлекеттик муктаждыктарына аймакта алууда) ээси жарнаманын жайгашкан бетин алгачкы абалына келтирүүсү керек. . Ушул убакта тыюу салынат: жарнама жана маалымат каражаттарын 15 күндөн ашык анын бетинде сүрөт жайгашпаса (жарнама көрнөгунүн бетинде жайгашкан жарнама мейкиндигин берүү боюнча маалымат сүрөткө кирет), колдонуу; жарнама конструкцияларын жана маалымат орнотмолорун тереңдетүүдө аларды жер астындагы коммуникациялардын үстүнөн огрнотуу; имараттардын бетине ар кандай жебе-көрсөткүчтөрдү, товар жана тейлөө кызматынын ассортименти менен көрнөктөрдү жана панелдерди, бааларды, акча наркын ж.б. орнотууга; жөө жүрүүчүлөргө, көчөлөрдү жана жанжолдорду жыйноог тоскоол кылууга.
8 Берене. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарын жайгаштырууга бөлөк конструкцияларына жана орнотмолорго атайын талаптар.
1. Мамлекеттик жана фирмалык (орнотулган иретте бекитилген) желектер ар дайым илинип турууга болот. Кыргыз Республиукасынын Мамлекеттик желеги башка желектерден болотнаыйнын өлчөмү боюнча кичине жана орнотмонун бийиктиги боюнча төмөн болбош керек. Эскирген убакта желектер жаңыртылып турат же чечилет.
2. Калкан конструкциялары.
Калкан конструкцияларына фундаментти инженердик курулма түрүндө коюга болот. Калкан конструкция менен коңшулаш конструкциялардын ортосундагы аралык мамлекеттик автоинспекциянын талаптарынын негизинде аныкталат, шааркурулуш жана жол абалы мүмкүндүк берсе, алардын ортосунда аралыкты азайтууга болот.
3. Калкан орнотмолору.
3.1. Калкан орнотмолорун орнотууга коюлган негизги талап курулманы кабыл алуунун биримдигин камсыз кылган жарнаманын ээ болуучусу менен тосмонун архитектурдук биримдиги болуп эсептелет.
3.2. Курулуш аянтчасы курулуп жаткан объект жөнүндө анын кыска мүнөздөмөсүн сүрөттөө, проектти иштеп чыккан авторду же автордук жамаатты, башкы көтөрмө уюмду, курулуштун башталыш жана аякташ мөөнөттөрүн, курулуш объкттин жооптуу башчысынын фамилиясын, анын дарегин жана телефонун көрсөткөн маалымат жана графикалык сүрөттөө менен камсыз болуу керек. Маалымат калкандары курулуш аянтчасынын кире беришинде орнотулат жана жакшы серепке ээ болуусу керек.
Кошумча жасалгалоого курулуш өткөрүлүп жаткан жердин тарыхый өткөн мезгилинин графикалык сүрөттөрү же фото- сүрөт иш- кагаздары колдонулушу мүмкүн.
3.3. Курулуш аянтчанын тосмосунда көркөм жасалгалоо, жарнама, социалдык плакат, башка маалымат жайгашуу мүмкүн, алар бөлөк блок, калкан, жумшак жасалгалоо, же болбосо жер үстүнөн 0,3 мм. кем эмес бийиктикте туташ тасма түрүндө жайгашат. Калкандардын бийиктиги тосмолордун көтөргүч элементтердин бийиктигинен 1/2 ашырбаш керек.
4. Кронштейндер.
4.1. Имараттарга жана курулуштарга тигинен перпендикулярдуу жайгашат жана анын ички же тышкы жарыгы болуусу керек. Бир жөлөктө бир кранштейнден ашык жайгашууга уруксат берилбейт.
4.2. Бир жак бетүү кронштейнди орнотууга урксат берилбейт. Кронштейндин экинчи жак бети колдонбогон учурда, кронштейндин ээси аны аймактын символикасы же социалдык плакат менен толтуруу керек.
4.3. Кронштейн ишкананын көрнөгү менен бир деңгээлде орнотулат жана бүлбүлдөгөн жарыктын булагы жок болуусу керек.
4.4. Эгерде кронштейн арналган ишкананын маңдайынын узундугу 20м. ашык эмес болсо, бир кронштейнден ашык коюга уруксат берилбейт. Эгерде ишкананын маңдайынын узундугу 20 м. ашык болсо, кошумча кронштейнерлерди орнотууга уруксат берилет (маңдайдын ар бир 15м. бирден).
Кронштейндин төмөнкү кыры жер бетинин үстүнөн 2,5 мм. төмөн болбош керек. Кронштейн толук же жарым- жартылай 2 кабаттын терезелеринин төмөнкү кырынын деңгээлинен өйдө жайгашпаш керек. Кронштейндин калыңдыгы 5 см. кем жана 20 см. көп болбош керек.
4.5. Көрсөтмө- кронштейндер ишканын жайгашкан жерин көрсөтөт жана эки жак бет көлөмдүү вариантта жасалат, ички жана тышкы жарыкка жана 2.0 кв.м. аянтка ээ болуу керек.
Эреже боюнча көрсөтмө- кронштейндердин имараттарда жайгашууга уруксат берилбейт. Эгерде ишкана өзөк жолдон түз көрүнөөдөн алыс болсо жана имараттардын архитектурдук өзгөчөлүктөрү мүмкүндүк берсе, өзгөчө учурларда гана, кронштейн түрүндө көрсөтмөнү орнотууга мүмкүн.
5. Көрнөктөр.
5.1. Көрнөк- имараттын маңдайында жайгашат жана калкты ишкананын иш-аракети, анын аталышы жөнүндө маалыматтоо, башка маалыматты, товар белгилерин жайгаштыруу максатында орнотулат, бирок ошондо:
- эгерде имарат толугу менен конструкция ээсинин менчигинде болбосо, 2 кабаттын терезелеринин төмөнкү деңгээлинен өйдө жайгашпаш керек;
- тамдын тегиздигинен 0.5 мм.ашык чыгып тарбаш керек;
- имараттын маңдайынан 1/6 бөлүгүнөн ашык ээлебеш керек;
- кечки убакта жарыктын ички же тышкы индивидуалдуу булагы менен жарык берип турушу керек.
5.2. Мекеме тактайлары объекттин (ишкананын) катталган толук юридикалык атын, анын мекемеге таандык болуусун чагылыштырып, имараттын кире беришинде жайгашат. Мекеме тактайдын аянты 1,5 кв.м. ашык болбош керек.
5.3. Маалымат көрнөкчөлөр ишкана, анын иштөө тартиби жөнүндө маалыматты чагылыштырат жана кире бериш эшигинде, айнек үкөктөрдө келүүчүлөргө көрүнө турган бийиктикте жана жерлерде жайгашууга мүмкүн.
Маалымат көрнөкчө 1.0 кв.м. ашык эмес жана 0,3 кв.м. кем эмес болбош керек, ошондо көрнөкчөдөгү тамгалардын минималдуу бийиктиги 2 см. кичине болбош керек.
6. Айнек үкөктөр.
6.1. Ишкананын айнек үкөгү сөзсүз анын тармагын ача турган товар продукциясы менен жасалгалаш керек жана кечки убакта жарык кылынып туруу керек.
6.2. Айнек үкөктөрдө ишканада сатылып жаткан товарлар жана тейлөөлөр боюнча ар кандай маалыматтарды жайгаштырууга болот, анын ичинде ишкананын негизги тармагы боюнча товарлар жөнүндө маалымат көлөмү жана саны жагынан үстөмдүк кылып турушу керек (70% ашык).
6.3. Ишканалардын айнек үкөктөрүндө жалпы мамлекеттик жана айылдык майрамдарга тиешелүү майрамдык маалыматты жайгаштырууга болот.
7.Убактылуу жалдарма конструкциялар (штендерлер).
Убактылуу жылдырма конструкциялар (штендерлер) тышөлчөмү боюнча 1,2 × 0,8 кв.м. ашык эмес ишкананын тармагын чагылылдырыш турушу керек жана ишкананын кире беришинен 2м. аралыгында жанжолдо же көкмайсанда орнотулуп, жөө жүрүүчүлөргө жолтоо кылбаш керек жана өзүнүн жарыгы болушу керек. Ишкананын иштөө убагында колдонулат.
8. Көлөмдүү- мейкиндик конструкциялар түрүндө орнотмолор.
Жарнама жана маалымат билдирүүлөрдү жайгаштырууга арналган. Көчөлөрдүн жана аянттардын жол жүрүүчүлөрдүн зоналарында, сейилбактардын аймагында, көргөзмө топтомдордо, өзөк жолдордун бөлүк тилкелеринде жайгашат. Жөө жүрүүчүлөр зонасында жайгашкан конструкцияларга, алардын техникалык жана эстетикалык деңгээлине жогорку талаптар көрсөтүлөт, плакаттарды айнек менен же пленка менен коргош керек.
9. Көчө аншлагдары, имараттардын, подъезддердин жана жашоо үйлөрдүн номерлери.
9.1. Бардык имараттар жана үй ээликтер, алардын таандык болуусуна, баш ийүүчүлүгүнө жана ичинде жашап жаткан жарандардын санына карабай, катардык номерленүүгө жатат.
Көмөкчү жана убактылуу , жашоого ылайыкташтырылган курулуштар (сарайлар, чыгдандар, кампалар, котельныйлар жана башкалар) номерленүүгө жатпайт.
9.2. Көрнөкчөлөрдү, көчө аншлагдарын, имараттардын, подъезддердин жана квартиралардын номерлерин талаптагыдай абалга келтирүү алардын ээлерине жүктөлөт.
9.3. Имараттардын номерлөө төмөнкү иретте өткөрүлөт:
- түштүктөн түндүктү карай багыттагы көчөлөрдүн номерлери түндүккө карай көбөйүшү;
- чыгыштан батышты карай багыттагы көчөлөрдүн номерлери батышка карай көбөйүшү.
Анда төрт номер түштүктөн түндүктү карай багыт алган көчөлөрдүн батыш бетинде жайгашкан үйлөргө жана чыгыштан батышты карай багыт алган түштүк бетинде жайгашкан үйлөргө берилет. Бейжуп номерлер көчөлөрдүн чыгыш жана түштүк бетинде жайгашкан имараттарга берилет.
9.4. Кайчылаш саябандарда, чоң көчөлөрдө, көчөлөрдө, тар көчөлөрдө жайгашкан бурч имараттарда эки номердик белги жана көчө аншлагдары болушу керек, анын ичинде бирөө имараттын башкы фасадында, экинчиси- капталында орнотулуу керек. Калган имараттар бирден номерге ээ болуу керек. Кварталдын ичиндеги имарттар аншлагга ээ болбойт.
9.5. Кварталдын ичиндеги имараттардын маңдайындагы номердик белгилер жер бетинен 3 метр бийиктикте жана номерлерди чоңойгон бетине карай бурч кырдан горизанталь боюнча 20см., ал эми имараттарда кырбууга чейин бийиктикте 3,5 м. төмөн –тамдардын кырбуусунан 20см. төмөн аралыкта же чатырдын чатырусунан 40 см. аралыкта илинет. Кайчылаш саябандарда, чоң көчөлөрдө, көчөлөрдө, тар көчөлөрдө жайгашкан имараттарда номердик белги имараттын кайчылаш саябанга чыга турган бурчуна жана имараттын бурч кырынан горизонталь боюнча аншлагтын үстүнөн орто жагынан 40см. илинет.
Аншлагдар номер белгилеринин астына бур кырынан горизонталь боюнча 20 см. аралыкта илинет.
9.6. Жаңы аншлагдарды жана номер белгилерди илерде бардык эски аншлагдар жана белгилер чечилет.
9 Берене. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарын куроодо жана колдонууда коопсуздук боюнча техникалык ченемдер жана талаптар.
1. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарын куроодо жана тейлөөдө коопсуздук боюнча техникалык ченемдер жана талаптар алардын ээлери үчүн негизги колдонмо болуп эсептелет жана шамал жүктөмгө таянышы керек.
2. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарынын негизги бөлүктөрТышкы жарнама жана маалымат каражаттарынын жогору көңүлдү талап кылган негизги бөлүктөрнө төмөнкүлөр кирет:
- көтөргүч металлокунструкциялар;
- автоматтык күйгүзүү- өчүрүү шайкеш;
- программалык которгучтар;
- тейлөөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн түзмөктөр;
- коргоочу жердетүү түзмөктөрү;
- тышкы жарнама каражаттарын механикалык бузулуулардан коргоо үчүн түзмөктөр.
3. Куроо- курулуш жана электркуроо жумуштары, тышкы жарнама жана маалымат каражаттарын тейлөө толугу менен долбоордук иш-кагаздарына, электро түзмөктөрүн жайгаштыруу Эрежелерине, керектөөчүлөрдүн электро түзмөктөрүн техникалык колдонуу Эрежелерине жана керектөөчүлөрдүн электро түзмөктөрүн колдонууда техникалык коопсуздук Эрежелерине, Куруу ченемдерине жана эрежелерине ылайык дал келген уруксаты бар адистер менен аткарылуу керек.
4. Ишкана конструкцияларды куроо жана колдонууга, ар кандай коопсуздук эрежелерди бузуу жана ошондон келип чыккан бузуктар жана кырсык жагдайларга жоопту алып барат.
5. Тышкы жарнама жана маалымат каражаттарын жайгаштырууда:
- алар орношкон конструкциялардын жана курулмалардын бекемдигинин, жүк көтөрүүчүлүгүнүн, мыктылыгынын төмөндөшүнө жол бербеш керек;
- унаалардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылдарынын щарттары жана коопсуздугу начарлабашы керек;
- конструкцияны темирбетон жана калай перилаларга бекитүүгө болбойт;
- бекитүүнүн түйүндөрү аларга уруксатсыз кирүүдөн корголуп турууу керек;
- объекттин үстүн жарык кылуу үчүн электро жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген жарык приборлору колдонулууга мүмкүн. Жарык приборунун бекитүүсү конструкция менен бекем кошулущун камсыз кылып, шамал жана кар жүктөмүн, вибрациялык жана уруу таасирлерди чыдашы керек.
6. Ишкана өз алдынча бекитилген долбоорго же конструкцияга кошумчаларды
же өзгөрүүлөрдү киргизгенге укуктуу эмес.
10 Берене. Жарнаманы орнотууга жана жайгаштырууга төлөө акысы. Жарнаманы орнотууга жана жайгаштырууга жарнама берүүчүлөр Беловодск айыл өкмөтүнө ай сайын 1 кв.м. 50 сом өлчөмүндө төлөө акысын берүү керек.
11 Берене. Жол кыймылы коопсуздугуна талаптар.
1. Жол-унаа кырдаалына чыныгы бааны берүүнү кыйындаткан жана жол кыймылын уюштуруу техникалык каражаттарга жана атайын ишараттарга окшогон (сырткы келбети, тартылышы же үн эффекти боюнча), ошондой эле жолдо жол жүрүүчүлөрдүн транспорттук каражаттардын, тирүү же башка нерсенин таасирин жараткан тышкы жарнама жана маалыматты жайылтууга тыюу салынат.
2. Төмөнкү тышкы жарнама жана маалымат каражаттарына тыюу салынат:
- жол кыймылын уюштуруу техникалык каражаттарынын көрүнүшүн чектесе же кыймылдын катышуучуларынын кабыл алуусуна тоскоол кылса;
- жол кыймылынын катышуучуларын жарык менен сокур кылса, анын ичинде конструкциянын бетинен чагылыштырса;
- инженердик курулуштардын кермараларында жайгашканада алардын тыш өлчөмүн кичирейтсе;
- аны көрүш үчүн жол жүрүүчүлөр жол жүрүүгө жарактуу жол же көчөлөлөр бөлүгүнө чыга тургандай жайгашса.
3. Тышкы жаранама жана маалымат каражаттарын жайгаштырууга тыюу салынат:
- жол белгилери жана светофор менен бир жөлөктө жана алар менен бир ачылмада;
- жолдордун кырсык коркунучу бар бөлүгүндө;
- темиржол өтүүлөрдө жана аларда 50 м. жакын аралыкта;
- колдонуудагы мамлекеттик стандарт жана ченем актыларынын негизинде
аныкталган «Транспорт- транспорт» жана «Транспорт- пешеход» үч бурчтуктардын көрүнүшүнүн чегинде;
- 4 % ашык эмес узунан кеткен эңкейиш менен жолдордун жана көчөлөрдүн бөлүгүндө.
4. Тышкы жаранама жана маалымат каражаттары борт ташы жок болгон жолдордун боюнда жайгашса, эгерде жолдун жүрүү бөлүгүнүн четинен конструкциянын четине чейин барабар же
3,0 м. кем болсо, конструкцияга унаанын келүүсүнө тоскоол кылган жол тосмолору орнотулат. Конструкциянын жөлөгүнүн анкердик негиздери жер бетинин деңгээлинен 20см. ашык болбош керек. Кыймылдаган элементтарди камтыган сүрөттөрдү колдонууга эреже боюнча колдонууга болбойт, айрыкча жарнама же маалымат бир убакта толугу менен пайда болбосо, ошол убакта жол кыймылынын катышуучуларына аны окууга көбүрөөк убакыт талап кылынса. Жарнама жана маалымат калканынын жана жол жабуу бети менен аралык жолдун капталынан орнотулганда 2,5 м. кем эмес, ал эми жолдун жүрүү бөлүгүндө орнотулганда- 4,5 м. кем эмес. Тышкы жаранама жана маалыматты орноткондо унаа жолдорунун жана көчөлөрдүн ыңгайлуу тутулуусу, жол кыймылын уюштурууну жөнгө салуу каражаттарын киргизүү жана аларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү эсепке алынат. Жарнама маалыматтарынын стойкалары коюлууда коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана шамал жүктөмүнө жана колдонууга керектүү туруктуулукту камсыз кылган ар кандай материалдардан даярдалууга мүмкүн. Маалымат- тейлөө белгилери унаа жолдорунда жана көчөлөрдө жол колдонуучуларын алардын алдында тейлөө объектилеринин бар болгондугу жөнүндө маалыматто максатында колдонулат жана сүрөтү менен кыймылга утуру жолдун (көчөнүн) оң жак бетинде орнотулат. Тейлөө объектилерине кыймылдын катышуучуларын тейлөөгө арналган (ашкана, дөңгөлөк, карбюратор, амортизаторлорду оңдоо боюнча ишкана, кам тетиетер дүкөндөрү)ар кандай бир беткей тармактар кирет. Маалымат белгилери МСка ылайык ички же тышкы жарыкка же жарыкты чагылдырган бети менен жазылыкка жана бийиктикке символдордун жана жазуулардын негизги фондуна ээ болушу керек. Белгилердин экинчи жак бети боз өңдө болуу керек. Айдоочулардын кабыл алуусуна аз убакыт сарпталуу максатында окшош тейлөө кызматынын тизмеги менен тейлөө объектилери үчүн маалымат белгилеринде бардык аймак үчүн биртүрдүү символдорду жана жазууларды орнотууга сунуш кылынат.
12 Берене.Ущул Эрежелерди бузганга жоопкерчилик. Тышкы жарнама жана маалыматты уруксатсыз жайгаштырууга төмөнкү түрдөгү жоопкерчилик келет:
- жазуу түрүндө эскертүү. Эскертүүнү аткарбаган убакта уруксатсыз орнотмо алынат, ага тиешелүү чыгашалар тышкы жарнама жана маалымат ээсине таандык болот жана чыгашалар төлөгөндөн кийин ээсине кайтарылып берилет;
- административдик жоопкерчиликке тартуу;
- колдонулуп жаткан мыйзамдын негизинде жоопкерчиликтин башка түрлөрү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155