Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 2-февралы № 58
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ
"Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну
децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн"
Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-
жылдын 17-декабрындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн негизги иш-чараларынын планы тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 257
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги иш-
чараларынын планын аткарууну анализдөө жана инвентаризация жүргүзүү,
"Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну
децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн"
Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2006-2007-жылдарга иш-
чаралардын планын иштеп чыгуу максатында:
1. "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну
децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн"
Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-
жылдын 17-декабрындагы Жарлыгын ишке ашыруу жагынан 2006-2007-жылдарга
иш-чараларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамы (мындан ары -
жумушчу топ) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жумушчу тобу бир айлык мөөнөттө:
- "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну
децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн"
Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-
жылдын 17-декабрындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн негизги иш-чараларынын планы тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 257
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги иш-
чараларынын планын аткарууну анализдөө жана инвентаризация -
чараларынын планын аткарууну анализдөө жана инвентаризация жүргүзсүн;
- "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейн мамлекеттик башкарууну
децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн"
Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-
жылдын 17-декабрындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча 2006-2007-жылдарга
иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу
милдеттерин эске алуу менен иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттигине жумушчу тобу иштеп чыккан иш-чаралардын
негизинде төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Кыргыз Республккасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну
децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн"
Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2006-2007-жылдарга негизги иш-
чаралардын планын иштеп чыгуу;
- "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну
децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн"
Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-
жылдын 17-декабрындагы Жарлыгын ишке ашыруу жагынан 2006-2007-жылдарга
негизги иш-чаралардын планын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн токтом долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө киргизүү.
4. Жумушчу топ аткаруу бийлик органдарынын адистерин, көз
карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой
эле мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап алууга укуктуу
экендиги белгиленсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана региондук
өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2006-жылдын 2-февралындагы
№ 58 буйругуна тиркеме
"Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик
башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча
башкарууну өнүктүрүүнүн" Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 17-декабрындагы
Жарлыгын ишке ашыруу жагынан 2006-2007-жылдарга иш-
чараларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамы
Бакиров М.С. - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин
директорунун орун басары, топтун жетекчиси
(макулдашуу боюнча),
Мукамбетов М.К. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана региондук
өнүктүрүү башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы, топтун
жетекчисинин орун басары,
Кошоев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу боюнча туруктуу өкүлү, Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин кењешчиси,
Тарбинский О.С. - Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын уюштуруу иштери жана
мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик
башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
секторунун эксперти (макулдашуу боюнча),
Момуналиев Н.С. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана региондук
өнүктүрүү башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу иштери боюнча бөлүмүнүн уюштуруу иштери
боюнча инспектору,
Кудабаев Т.З. - Кыргыз Республикасынын Премьер- министринин
Аппаратынын финансы башкармалыгынын жергиликтүү өз
алдынча башкаруу жана муниципалдык менчиктин
финансылык-экономикалык негиздери секторунун
референти,
Жанбоев Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар
конгрессинин президентинин кењешчиси (макулдашуу
боюнча),
Мамбетов М. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу иш-
аракетин координациялоо боюнча борборунун - башкы
башкармалыгынын башкы адиси,
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы
министрлигинин бюджеттик саясат башкармалыгынын
начальниги,
Адилбеков Д.А. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
жактан коргоо министрлигинин топтомо-аналитикалык
бөлүмүнүн башчысы,
Конокбаев З.Ч. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана
жаштар саясаты министрлигинин мектептик билим
берүү башкармалыгынын начальниги,
Насыров А.Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы
Башкаруу академиясынын мамлекеттик жана
муниципалдык башкаруу институтунун биринчи
проректору - директору (макулдашуу боюнча),
Таиров М.А. - Кыргыз Республикасында Өнүктүрүү жана
коомдоштуктарды инвестирлөө агенттигинин
потенциалды өнүктүрүү боюнча адиси (макулдашуу
боюнча),
Эсеналиев М. - Кыргыз Республикасынын Шаарлар ассоциациясынын
юристи (макулдашуу боюнча),
Бекбасарова Г. - Кыргыз Республикасынын Шаарлар ассоциациясынын
системалык аналитиги (макулдашуу боюнча),
Дыйкамбаев К.С. - Кыргыз Республикасынын Айылдар жана поселкалар
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча),
Таштемирова Н. - Кыргыз Республикасынын Айылдар жана
поселкалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын ассоциациясынын жетектөөчу адиси
(макулдашуу боюнча),
Бектенова А.Э. - Урбан институту/ЮСАИД долбоорунун
аткаруучу координатору (макулдашуу боюнча),
Ракимбаев Э.Н. - Демократиялык башкаруу боюнча ПРООН
программасынын юридикалык маселелер боюнча
кењешчиси (макулдашуу боюнча),
Сульпиева Д. - Демократиялык башкаруу боюнча ПРООН
программасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу
жана децентралдаштыруу боюнча компонентинин
координатору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 17-декабрындагы №381 "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз…Указ · 17.12.2002 · № 381 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2003 года № 257 "О Плане основных мероприятий Правительства Кыргызской Республики по реализации Указа Президента Кыргызской Республики…Постановление · 30.04.2003 · № 257 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.