Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-01-13.
(КР Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 310 токтомунун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык Кеңешинин XXI чакырылышынын III-сессиясы
2014-жылдын 8-октябры № 219 Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №532-“Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-августундагы №452-“Кыргыз Республикасынын республикалык, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу токтомунун негизинде, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын штаттык саны №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 17-августундагы №28-“Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
У.Примов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Ош шаардык кеңшинин 2012-жылдын 17-августундагы №28 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомПостановление · 17.08.2012 · № 28
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин…Постановление · 05.08.2011 · № 452 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.