# Томок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 5-мартындагы № 86/12-3 "Токмок шаардык Кеңешинин резервдик фонду жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Томок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 5-мартындагы № 86/12-3 "Токмок шаардык Кеңешинин резервдик фонду жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 86/12-3
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/221500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-19130/edition/594679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/221500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Томок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 5-мартындагы № 86/12-3 "Токмок шаардык Кеңешинин резервдик фонду жөнүндө" токтому (05.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/221500

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XII СЕССИЯСЫ

2014-жылдын 5-марты № 86/12-3 Токмок шаардык Кеңешинин резервдик фонду жөнүндө Шаардык бюджетти бекитүүдө каралбаган, материалдык жардам жана экономика, социалдык – маданий жана башка иш-чаралар боюнча чыгымдарды жабуу үчүн, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 21 б. негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, ошондой эле экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Токмок шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык Кеңешинин резервдик фонду бюджеттик чыгымдын 0,3 % чейинки көлөмдө түзүлсүн.

2. Токмок шаардык Кеңешинин резервдик фонду жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).

3. Токмок шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы (Котко Н.Т.) тарабынан шаардык Кеңешинин резервдик фондуна 25241100 беренеси боюнча бюджеттик чыгымдын 0,3 % чейинки көлөмдө акча каражат каралсын жана Чүй-Токмок Аймактык казына бөлүмүндө эсеп-счету ачылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын жана тиркелген Жобонун колдонулушун көзөмөлгө алуу, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы

Р.Таманбаев

Тиркеме Токмок шаардык Кеңешинин «5» март 2014-ж. №86/12-3 токтому менен Бекитилди

Токмок шаардык Кеңешинин

резервдик фонду жөнүндө

ЖОБО

Жалпы жоболор

1.1. Ушул жобо Токмок шаардык Кеңешинин төрагасынын резервдик фондунун каражаттарынын түзүлүшүн жана чыгымдалышынын тартибин жөнгө салат.

1.2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 21 беренесине ылайык, натыйжалуу иш жүргүзүү үчүн Токмок шаардык Кеңешинин резервдик фонду түзүлүүдө (мындан ары - Фонд). Фонд жергиликтүү бюджеттен акчалай бөлүнгөн 0,3 % чейинки көлөмдө түзүлөт.

2.Фондду колдонуу тартиби.

2.1. Фонддун бөлүнгөн бюджеттик каражаттары, Токмок шаарынын бюджетин кароодо жана бекитүүдө каралбаган, материалдык жардам жана экономика, социалдык – маданий жана башка иш-чаралар боюнча чыгымдарды жабуу үчүн колдонулат.

2.2. Маселелерди чечүү үчүн Фонддун каражаттары төмөндөгү максаттарга бөлүнөт жана колдонулат:

- майрам күндөрү расмий иш-чараларды өткөрүүгө;

- Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана шаардын аз камсыз болгон катмарына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;

- шаардын аймагында жайгашкан, социалдык – маданий жана административдик объектилерди жана инфраструктураларды курууга, оңдоого жана материалдык – техникалык базасын жакшыртууга жарым-жартылай каржылоого колдоо көрсөтүүгө;

- расмий даталарга арналган, шаардык масштабда өтүүчү иш-чараларды өткөрүүгө;

- кесиптик майрамдарга байланыштуу эмгек сиңирген жумушчуларды сыйлоого;

- спорт иш-чараларынын катышуучуларына, ошондой эле шаардын илимий жана маданий ишмерлерине финансылык колдоо көрсөтүүгө;

- Коомдук – саясий, социалдык – маданий иш-чараларга байланыштуу үйрөткүлөрдү, тренингтерди, кеңешмелерди, тегерек столдорду, конференцияларды өткөрүүгө;

- Өкүлчүлүктүү чыгымдарга (шайлоочуларды, делегацияларды, өкүлчүлүктөрдүн жана башка эл аралык түзүмдөрдүн өкүлдөрүн кабыл алуу);

- жумушчуларга, анын ичинде пенсияга чыгууда, ошондой эле Кеңеште мурун иштеген пенсионерлерге бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө.

2.3. Резервдик фонддун каражаттарын төмөндөгүлөргө колдонууга тыюу салынат:

- киреше алып келген, ишмердүүлүккө же коммерциялык максаттарга;

- өкмөттүк эмес уюмдардын ишин кармоого жана камсыздоого;

- бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысынын көлөмүн жогорулатууга;

- шаарда өткөрүлүүчү юбилейлерди, тойлорду жана башка көңүл ачуучу иш-чараларды уюштурууга.

3. Каржылоонун шарттары.

3.1. 10 миң сомго чейин акча каражатты шаарда жашаган бир кайрылуучуга (юридикалык, жеке жак) берүү жөнүндө маселелердин чечимин Кеңештин төрагасы кабыл алат.

3.2. 10 миң сомдон жогору акча каражатын бөлүү жөнүндө маселелердин чечимин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы менен макулдашуу боюнча Кеңештин төрагасы кабыл алат.

3.3. Шаарда жашаган бир кайрылуучуга акча каражат, Токмок шаардык Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө, 1 жолу гана берилет.

4. Эсеп жана отчёттуулук

4.1. Каражаттарды башкаруучу жана алуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Фонддун акча каражаттарынын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу колдонулушу үчүн жеке жоопкерчилик алып барышат.

4.2. Фонд боюнча эсеп жана отчёттулукту Токмок ш. мэриясынын жана биргеликте Токмок шаардык Кеңешинин башкы бухгалтери жүргүзөт.

Токмок шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы

Р.А.Кадыркулова
