# Биринчи май айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-февралындагы № 45 "Жер салыгынын базалык ставкасын, АЧМФ нун жерлери жана а/өкмөтүнүн жерлеринин ижара акысынын ставкасынын минималдык көлөмүн, зоналдык коэффициентин,таштандыларды чыгаруу жана ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуу төлөмдөрүнүн ставкасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Биринчи май айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-февралындагы № 45 "Жер салыгынын базалык ставкасын, АЧМФ нун жерлери жана а/өкмөтүнүн жерлеринин ижара акысынын ставкасынын минималдык көлөмүн, зоналдык коэффициентин,таштандыларды чыгаруу жана ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуу төлөмдөрүнүн ставкасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/221461>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-19091/edition/698036/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/221461.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Биринчи май айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-февралындагы № 45 "Жер салыгынын базалык ставкасын, АЧМФ нун жерлери жана а/өкмөтүнүн жерлеринин ижара акысынын ставкасынын минималдык көлөмүн, зоналдык коэффициентин,таштандыларды чыгаруу жана ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуу төлөмдөрүнүн ставкасын бекитүү жөнүндө" токтому (10.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/221461

---

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Айылдык кеңештин ХХVI чакырылышынын Х- сессиясы

2014-жылдын 10-февралы № 45 “Жер салыгынын базалык ставкасын, АЧМФ нун жерлери жана а/өкмөтүнүн жерлеринин ижара акысынын ставкасынын минималдык көлөмүн, зоналдык коэффициентин,таштандыларды чыгаруу жана ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуу төлөмдөрүнүн ставкасын бекитүү жөнүндө” КРнын “Салык Кодексинин “ 337, 339 жана 12-беренесинин негизинде Биринчи Май айылдык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. КРнын “Салык Кодексинин “ 337 – беренесине ылайык айыл чарбасына дайындалган жерлердин базалык ставкасын бекитилсин :

- сугат айдоо аянты - 1 га 392,0 сом

- кайрак айдоо аянты - 1 га 67,2 сом

- көп жылдык отургузуулар – 1 га 215,0 сом

- жайыттар - 1 га 7,8 сом

2. АЧМФ нун жерлеринин жана айыл өкмөтүнүн жерлеринин (баштапкы) минималдык ижаралык акысы бекитилсин :

- сугат айдоо аянты - 1 га 800,0 сом

- кайрак айдоо аянты - 1 га 300,0 сом

- көлмөлөр - 1 га 400,0 сом

3.Айыл чарбасына дайындалбаган жерлерге зоналдык коэффициент КЗ 1,2 көлөмүндө бекитилсин.

4. Короо-жайлардагы жерлер үчүн зоналдык коэффициент 1,0 көлөмүндө бекитилсин .

5. Таштандыларды чыгарууга иштегендердин биринен 50 сом көлөмүндө ставка бекитилсин .

6. Ыңгайлуулуктар менен камсыз кылуу төлөмүнүн ставкасы бир үйдөн 20 сом өлчөмүндө бекитилсин .

7. Бир башка жайыт билетинин баасынын өлчөмүн коюу суммада:

ИММ, жылкылар -70 сом. ИММ , торпок – 50 сом. МММ - 20 сом.

8. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кирешелер боюнча иш алып барган адистер Г.В.Гапоненкого тапшырылсын.

Айылдык кеңештин тѳрагасы:

Б.А. Саралаев
