# Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин Аппаратынын Жетекчиси-министрдин 2005-жылдын 20-декабрындагы № 343 буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин Аппаратынын Жетекчиси-министрдин 2005-жылдын 20-декабрындагы № 343 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 343
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.12.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/22138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4793/edition/299436/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/22138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин Аппаратынын Жетекчиси-министрдин 2005-жылдын 20-декабрындагы № 343 буйругу (20.12.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/22138

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 20-декабры, № 343

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИНАППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ МИНИСТРДИН

БУЙРУГУ

1. Бажы ишине тиешелүү бекем отчеттуулуктагы документтердин

бланктарын ведомстволук приказ менен даярдоонун жана бөлүштүрүүнүн

тартибин бекитүүнүн мыйзамдуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн тиркелген акты-түшүндүрмөсү бекитилсин.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн акт-түшүндүрмө Кыргыз Республикасынын

тиешелүү министрликтерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясына жиберилсин.

Премьер-министрдин Аппарат

Жетекчиси-министр Т.Коеналиев

Кыргыз Республикасынын Премьер-

министринин Аппаратынын

Жетекчиси-министрдин

2005-жылдын 20 -декабрындагы

№ 343

буйругу менен бекитилген

Бажы ишине тиешелүү бекем отчеттуулуктагы документтердин

бланктарын ведомстволук приказ менен даярдоонун жана бөлүштүрүүнүн

тартибин бекитүүнүн мыйзамдуулугу жөнүндө

түшүндүрмө

Бажы ишине тиешелүү бекем отчеттуулуктагы документтердин бланктарын

ведомстволук приказ менен даярдоонун жана бөлүштүрүүнүн тартибин

бекитүүнүн мыйзамдуулугуна карата түшүндүрмө берүү жөнүндө Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын

кайрылуусун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

Аппараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Бекем отчеттуулуктагы

документтерди даярдоо жөнүндө" 2004-жылдын 22-сентябрындагы № 540 жана

"Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча

чаралар жөнүндө" 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтомдоруна

ылайык, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук

актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50 жана 53-

статьяларынын негизинде төмөнкүлөрдү түшүндүрөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540

токтому менен Бекем отчепуулуктагы документтерди жана ага

тењештирилген материалдарды даярдоонун тартибин аныктоочу жобо

бекитилген, ага ылайык мындай продукцияларды даярдоого уруксаттарды

берүү Кыргыз Республикасыный Ички иштер министрлиги тарабынан

жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961

токтому менен бекитилген Бажы брокери жөнүндө жобонун 9.4-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы

Кирешелер боюнча комитет товарлар менен транспорт каражаттарын

тариздөөнү бажылык контролдоо максаттары үчүн бажы ишине тиешелүү

бекем отчеттуулуктагы документтердин бланктарын даярдоо жана

бөлүштүрүү формасын, тартибин аныктайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы

инспекциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун

2005-жылдын 14-апрелиндеги № 103 Жарлыгына ылайыкбажы иши бөлүгүндө

Кирешелер боюнча комитеттин укугун улантуучу болуп саналат. Ушуга

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы

инспекциясы бекем отчеттуулуктагы бланктарды ведомстволук приказ менен

даярдоонун жана бөлүштүрүүнүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер

министрлиги менен макулдашылган тартибин беките алат.
