# Баткен шаардык кеңешинин 2014-жылдын 21-январындагы № 2-3/06 "Баткен облусттук музыкалык драма театрына Апаз Жайнаковдун ысымын ыйгаруу жѳнγндѳ" токтому

- Толук аталышы: Баткен шаардык кеңешинин 2014-жылдын 21-январындагы № 2-3/06 "Баткен облусттук музыкалык драма театрына Апаз Жайнаковдун ысымын ыйгаруу жѳнγндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2-3/06
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/221347>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18977/edition/615756/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баткен шаардык кеңешинин 2014-жылдын 21-январындагы № 2-3/06 "Баткен облусттук музыкалык драма театрына Апаз Жайнаковдун ысымын ыйгаруу жѳнγндѳ" токтому (21.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/221347

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

2014-жылдын 21-январы № 2-3/06 Баткен облусттук музыкалык драма театрына Апаз Жайнаковдун ысымын ыйгаруу жѳнγндѳ Кыргыз Республикасынын Окмотунун 1998-жылдын 5-мартындагы №108 «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жонундогу» токтомунун негизинде,Баткен шаардык Кенешинин IV чакырылышынын VII сессиясынын №12-5 токтому менен кабыл алынган жобого ылайык,Баткен облусттук музыкалык драма театрынын эмгек жамаатынын чогулушунун протоколунун жана Баткен шаардык Кенешинин социалдык онугуу, жаштар, спорт, туризм жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 9-декабрындагы отурумун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Баткен облусттук музыкалык драма театрынын эмгек жамаатынын чогулушунун протоколунун чечими жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилуу обончу Апаз Жайнаковдун ысымы Баткен облусттук музыкалык драма театрына ыйгарылсын.

3. Апаз Жайнаковдун ысымы Баткен облусттук музыкалык драма театрына ыйгарылгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Окмотунун Баткен облусунун ыйгарым укуктуу окулчулугуно, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм минстрлигине сунуштоо жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.

4. Керектуу болгон иш кагаздарын даярдоо жагы Баткен облусттук музыкалык драма театрынын администрациясына сунушталсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Баткен шаардык Кенешинин торагасынын орун басары Х И Айкыновго тапшырылсын.

Баткен шаардык кеңешинин тѳрагасы:

Э. Рахматов
