# Теплоключенка айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-ноябрындагы № 38 "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Теплоключенка айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-ноябрындагы № 38 "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/221308>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18938/edition/697228/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Теплоключенка айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-ноябрындагы № 38 "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө" токтому (03.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/221308

---

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 3-ноябры № 38 “Хан-Теңири” мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө Жаратылыш сактоо жана өнүктүрүү, жайыттарды эффективдүү пайдалануу максатында Теплоключенка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Теплоключенка айыл аймагына караштуу Кѳк-Мойнок, Талды-Булак, Тез, Бел Кара-Суу, Шылуун коктулары бардыгы 9835 га жерде (анын ичинен жайыттар 1323 га) “Хан-Теңири” мамлекеттик жаратылыш паркын уюштурууга макулдук берилсин.

2. Айыл аймактын жана жайыт пайдалануучулардын кызыкчылыктары сакталсын

3. Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо γчγн жиберилсин.

4. Айылдык кеңештин токтомдору Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.

5. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жγктѳлсγн.

Тѳрага:

К.С. Джаныбеков
