# КР Премьер-министринин Аппарат жетекчиси-министрдин 2005-жылдын 16-июнундагы №121 буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин Аппарат жетекчиси-министрдин 2005-жылдын 16-июнундагы №121 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/22122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4779/edition/299415/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/22122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин Аппарат жетекчиси-министрдин 2005-жылдын 16-июнундагы №121 буйругу (16.06.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/22122

---

Бишкек шаары,Өкмөт Үйү

2005-жылдын 16-июну, №121

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-

МИНИСТРИНИН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12

"Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансы полициясы

органдарынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын катардагы жана

жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген

жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн

тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун колдонуунун тартиби

жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген түшүндүрмөсү

бекитилсин.

2. Жогоруда аталган түшүндүрмө Кыргыз Республикасынын тийиштүү

министрликтерине жана ведомстволоруна жиберилсин.

Премьер-министринин

Аппарат жетекчисинин

милдетин аткаруучу-министр А.Исабеков

Премьер-министринин Аппарат

жетекчиси - министрдин

2005-жылдын « 16 » -июнундагы

№ 121 буйругу менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12

"Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансы полициясы

органдарынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын

катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына

жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия

жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону

бекитүү тууралуу" токтомун пенсияларды жана пособиелерди төлөөгө

тиешелүү бөлүгүндө колдоњуунун тартиби жөнүндө

түшүндүрмө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12

"Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансы полициясы

органдарынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын катардагы жана

жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген

жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн

тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жана 1998-жылдын 17-

сентябрындагы № 615 «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин,

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз

Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз

Республикасынын Улуттук гвардиясынын, Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик күзөт кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер

министрлигинин ички аскеринин аскер кызматкерлерине, жумушчуларына,

кызматчыларына жана кызматкерлерине акчалай маяна төлөө жөнүндө жобону

бекитүү тууралуу» (үчүн жоготту деп эсептелген) токтомунда аскердик

кызматтан бошонууда бир жолку пособие төлөөгө тийиштүү бөлүгүнө

түшүндүрмө берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин

суранычын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрилик

Аппараты «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50 жана 53- статьяларынын негизинде

төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.

Кыргыз Республикасынык Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы №12

токтому менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер

органдарынын. финансы полициясы органдарынын, жазык-аткаруу

системасынын органдарынын катардагы жана жетекчилик курамдагы

адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн,

пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө кийин

өзгөртүүлөр киргизилген Жобонун (мындан ары - Жобо) 1-пунктуна ылайык,

саламаттык сактоо системасындагы медициналык персонал запастан Кыргыз

Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө чакырылганда кызмат өтөгөн

(иштеген) убактысы иштеген жылдарынын эсебине бошонгондон кийин пенсия

чектөө үчүн гана киргизилет.

Жогоруда аталган Жобонун 15-пунктуна ылайык кызматтан бошонуп

жаткан аскер кызматкерлерине кетээрдеги бир жолку пособие Аскер

кызматчыларына акчалай маяна төлөө жөнүндө жобонун талаптарына ылайык

төлөнөт.

Мында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-

сентябрындагы № 602 (КПҮ) токтому менен бекитилген Кыргыз

Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик кошуундарынын

аскер кызматчыларына акчалай маяна төлөө жөнүндө жобонун 162-пунктуна

ылайык офицерлерге, прапорщиктерге жана меөнөттөн тышкаркы кызматтагы

аскер кызматчыларына жаш курагы, оорусу, штаттын кыскарганы же ден

соолугунун чектелген абалы, ошондой эле өз арызы боюнча аскердик

кызматтан бошонгондо иштеген жылдары 20 жана андан ашык календарлык

жыл болсо, кетээрдеги пособие он беш айлык акчалай маянасынан аз эмес

өлчөмдө төлөнөт (аскердик наамы үчүн маяна жана кызмат ордундагы

маянасы).

Азыраак иштеген жыл , менен бошонгон офицерлерге кетээрдеги пособие

акчалай маянасынын эки айлык өлчөмүндө төлөнөт.
