# Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Дүйшөналы Жабиновдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Дүйшөналы Жабиновдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/221066>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18699/edition/697772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/221066.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Дүйшөналы Жабиновдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө" токтому (31.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/221066

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылы 31-октябры № 104 Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Дүйшөналы Жабиновдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын 22-октябрындагы №4 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын “Учкун” конушундагы аты жок көчөгө Дүйшөналы Жабиновдун аты ыйгарылсын (чийме тиркелет).

2. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), “Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулушу боюнча башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы (Б. А. Абдиев) учёттук жана инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселеси, шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А.М. Рыскуловага жүктөлсүн.

Тѳрага

М.А.Аманкулов
