# Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 103 "Академик Мирсаид Миррахимовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 103 "Академик Мирсаид Миррахимовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/221065>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18698/edition/697770/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/221065.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 103 "Академик Мирсаид Миррахимовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө" токтому (31.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/221065

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 31-октябры № 103 Академик Мирсаид Миррахимовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын 9-августундагы №3 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын 5-кичирайонундагы аты жок көчөгө академик Мирсаид Миррахимовдун аты ыйгарылсын (чийме тиркелет).

2. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б.Ж. Берикбаев), “Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулушу боюнча башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы (Б. А. Абдиев) учёттук, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселеси, шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А. М. Рыскуловага жүктөлсүн.

Тѳрага

М.А.Аманкулов
