# Ош шаардык кеңешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы № 209 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жѳнγндѳ» Жобого ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы № 209 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жѳнγндѳ» Жобого ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 17.09.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/221042>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18676/edition/697748/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы № 209 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жѳнγндѳ» Жобого ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ" токтому (17.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/221042

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ

(III ЧАКЫРЫЛЫШ)

2014-жылдын 17-сентябры № 209 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жѳнγндѳ» Жобого ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тѳрагасы К.Пазиловдун «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жѳнγндѳ» Жобого ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ боюнча сунушун карап жана талкуулап чыгып, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2014-жылдын 22-августундагы №21-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы № 203-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жѳнγндѳ» Жобого тѳмѳндѳгγдѳй ѳзгѳртγγлѳр жана толуктоолор киргизилсин:

- Жобонун текстиндеги «депутаттардын Ош шаардык Кеңеши» деген сѳздѳр «Ош шаардык Кеңеши» деп ѳзгѳртγлсγн;

- Жобонун II бѳлγгγнγн 1-пункттунун 1-абзацындагы «жалпы суммасы 1млн. сомдон ашкан» деген сѳздѳр алынып салынсын;

- Жобонун II бѳлγгγнγн 4-пунктундагы «мэри» деген сѳз «мэриясы» деген сѳз менен алмаштырылсын;

- Жобонун II бѳлγгγнγн 9-пунктундагы «же ачык» деген сѳз алынып салынсын;

- Жобонун II бѳлγгγнγн 10-пункту «наамы» деген сѳздѳн кийин «бештен ашпаган талапкерге» деген сѳздѳр менен толукталсын;

- Жобонун III бѳлγгγнγн 1-пунктундагы «Анын курамы Ош шаарынын мэри, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин тѳрагасы жана депутаттардын сунушу менен, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясында бекитилет» деген сγйлѳм «Комиссиянын курамы Ош шаарынын мэриясынын сунушу менен Ош шаардык Кеңешинин сессиясында бекитилет» деген сγйлѳм менен алмаштырылсын;

- Жобонун V бѳлγгγнγн 2-пунктундагы «Ош шаарынын мэри жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин тѳрагасы» деген сѳздѳр «Ош шаардык Кеңешинин тѳрагасы жана Ош шаарынын мэри» деген сѳздѳр менен алмаштырылсын;

- Жобонун V бѳлγгγнγн 3-пунктундагы «ысмы» деген сѳз «аты жѳнγ» деген сѳздѳр менен алмаштырылсын;

- Жобонун V бѳлγгγнγн 4-пункту ѳзгѳртγлγп, «Ош шаарынын ардактуу атуулдары Ош шаардык Кеңеши же Ош шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик ар кандай майрамдарга арналган иш чараларга, Ош шаарына тиешелγγ майрамдык жана эскерγγ иш чараларына жана башка маанилγγ окуяларга арналган иш чараларга чакырылат» деп окулсун;

- Жобонун V бѳлγгγнγн 5-пункту алынып салынсын.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.

Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы:

У.Примов
