# Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2013-жылдын 27-майындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19- январындагы №25 «Ош облусунун Ноокат районунун калктуу конуштарынын аймактарынын кенейтуу учун жер беруу жөнүндөгу токтомун негизинде Жаңы-Ноокат айылдык округунун Катта-Тал айылынын аймагынан турак жай курүү үчүн жер тилкеси берүү комиссиясынын курамын, бериле турган жердин өлчөмүн жана бериле турган айыл тургундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө." токтому

- Толук аталышы: Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2013-жылдын 27-майындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19- январындагы №25 «Ош облусунун Ноокат районунун калктуу конуштарынын аймактарынын кенейтуу учун жер беруу жөнүндөгу токтомун негизинде Жаңы-Ноокат айылдык округунун Катта-Тал айылынын аймагынан турак жай курүү үчүн жер тилкеси берүү комиссиясынын курамын, бериле турган жердин өлчөмүн жана бериле турган айыл тургундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө." токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/220928>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18562/edition/671492/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2013-жылдын 27-майындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19- январындагы №25 «Ош облусунун Ноокат районунун калктуу конуштарынын аймактарынын кенейтуу учун жер беруу жөнүндөгу токтомун негизинде Жаңы-Ноокат айылдык округунун Катта-Тал айылынын аймагынан турак жай курүү үчүн жер тилкеси берүү комиссиясынын курамын, бериле турган жердин өлчөмүн жана бериле турган айыл тургундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө." токтому (27.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/220928

---

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы)

кезектеги жетинчи сессиясынын заседаниясы

2013-жылдын 27-майы № 4 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19- январындагы №25 «Ош облусунун Ноокат районунун калктуу конуштарынын аймактарынын кенейтуу учун жер беруу жөнүндөгу токтомун негизинде Жаңы-Ноокат айылдык округунун Катта-Тал айылынын аймагынан турак жай курүү үчүн жер тилкеси берүү комиссиясынын курамын, бериле турган жердин өлчөмүн жана бериле турган айыл тургундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө Жаңы-Ноокат айылдык кеңештин мурдагы сессиясында айылдык округунун аймагында жашоочу тургундарга жер тилкеси берүү боюнча комиссия курамын кантип түзүп алуу боюнча макулдашып алынган. Макулдашууга ылайык комиссиянын курамына айылдык кеңештин депутаттары М Тешабаев, А Буватоев, М Узаков М, Д.Сокиев. А Имамов, А Артиков, Н Сотимбоев,М Муминов, Х.Нооман уулу, Ю.Козибоев, И Ходиев,А Турсунов,А Туланбаев айыл башчы М Сабиров, жер адиси Э Эргашов, кочо комитеттири М Тешабаев, А Мамажанов, Т.Каримкулов,М Холбоев, К Холбоев, М Худерганов, Р Исманов, А Мамарасулов айылдык округунун башчысынын орун басары А Хажимаматовдар болуп айылдык округдун Катта-Тал айылында жашоочу тургундар тарабынан турак-жай куруу үчүн берилген арыздарды териштирип, арыз бергендердин үй-бүлөөлүк шарттарын текшерип, атайын акттар даярдап, жер участок алууга ото муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн тизмеси тактап чыгылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19- январындагы №25 «Ош облусунун Ноокат районунун калктуу конуштарынын аймактарынын кенейтуу учун жер беруу жөнүндөгу токтомун иш жүзүнө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 13-32 жана Кыргыз Республикасынын жергилииктүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгу мыйзамынын31- статьясынын 5- пункуту, жана 43 статьясын жетекчылыкке алып Жаңы-Ноокат айылдык округунун Катта-Тал айылынын аймагынан турак жай куруу үчүн жер тилкеси берүү, бериле турган жердин өлчөмүн жана бериле турган айыл тургундарынын тизмесин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айылдык округунун Катта-Тал айылынын аймагынан турак жай курүү үчүн жер тилкеси ала турган кишиге 0,06 га жер тилкеси берилсин, жер тилкесин берүү боюнча комиссиянын курамы № 1 тиркемеге ылайык, жер тилкесин ала турган айыл тургундарынын тизмеси № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркелет)

2. Тизмеде көрсөтүлган айыл тургундарына турак –жай курүү үчүн жер тилкесин берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы:

А.Имамов
