# Нарын шаардык кеңешинин 2014-жылдын 8-сентябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 20-август 2014-жылдагы № 102 токтомуна ылайык Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарын шаардык кеңешинин 2014-жылдын 8-сентябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 20-август 2014-жылдагы № 102 токтомуна ылайык Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/220771>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18405/edition/659020/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын шаардык кеңешинин 2014-жылдын 8-сентябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 20-август 2014-жылдагы № 102 токтомуна ылайык Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө" токтому (08.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/220771

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМ НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI I СЕССИЯСЫ

2014-жылдын 8-сентябры № 1 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 20-август 2014-жылдагы № 102 токтомуна ылайык Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 43-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 20-августундагы №102 токтомунуна, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 53-54-главаларына ылайык Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнүн угуп Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын № 1, № 2 протоколдору бекитилсин.

2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын № 1, № 2 протоколдорунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен сессияга катышкан 31 депутаттан 17 депутаттын добушун алган талапкер Адиев Рахат Нурдинович Нарын шаарынын мэри болуп шайланды.

Төрага:

Э.Турсуналиев катоо № 2014-29
