# С.Юсупова айылдык кеңешинин 2013-жылдын 4-мартындагы № 3-16 "С.Юсупова айылдык кеңешинин катчысы жѳнγндѳ" токтому

- Толук аталышы: С.Юсупова айылдык кеңешинин 2013-жылдын 4-мартындагы № 3-16 "С.Юсупова айылдык кеңешинин катчысы жѳнγндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3-16
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/220767>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18401/edition/614499/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/220767.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: С.Юсупова айылдык кеңешинин 2013-жылдын 4-мартындагы № 3-16 "С.Юсупова айылдык кеңешинин катчысы жѳнγндѳ" токтому (04.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/220767

---

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 4- чакырык 3-сессиясы

2013-жылдын 4-марты № 3-16

С. Юсупова айылдык Кеңешинин катчысы жѳнγндѳ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу, туруктуу комиссияларга жана депутаттарга жардам кѳрсѳтγγ, айылдык Кеңештин сессияларынын протоколдорун толтуруу, сессияда кабыл алынуучу токтомдордун долбоорлорун даярдоого жана жарандардын арыз даттанууларын, кайрылууларын каттоодон ѳткѳрγп, алардын ѳз убагында сессия тарабынан каралышын уюштурууну укуктук ченемдик актылардын негизинде аткарылышын камсыз кылуу максатында КРнын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Мыйзамынын 35-беренесинин 2,3-пуктарынын жана С. Юсупова айылдык Кеңешинин регламентинин жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу, туруктуу комиссияларга жана депутаттарга жардам кѳрсѳтγγ иштертин аткаруу милдети айыл ѳкмѳтγнγн жооптуу катчысы Н. Худайназаровго милдеттендирилсин.

2. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн жооптуу катчысы – сессиянын катчысы Н. Худайназаровго 2013-жылдын 1-январынан баштап негизги эмгек акынын 50 (элγγ) пайыз ѳлчѳмγндѳ кошумча эмгек акы тѳлѳп берγγ белгиленсин.

3. Ушул токтомдун 2-пунктун аткарууну камсыз кылуу айыл ѳкмѳтγнγн Финансы экономика бѳлγмγнѳ тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы С. Юсупова айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

С.Юсупова айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

М.Мамасаидов
