# С.Юсупова айылдык кеңешинин 2013-жылдын 20-сентябрындагы № 5-9 "С.Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн Нооруз айылынын тургундарынын арызы жѳнγндѳ" токтому

- Толук аталышы: С.Юсупова айылдык кеңешинин 2013-жылдын 20-сентябрындагы № 5-9 "С.Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн Нооруз айылынын тургундарынын арызы жѳнγндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Редакциянын күнү: 20.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/220720>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18354/edition/597053/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: С.Юсупова айылдык кеңешинин 2013-жылдын 20-сентябрындагы № 5-9 "С.Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн Нооруз айылынын тургундарынын арызы жѳнγндѳ" токтому (20.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/220720

---

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 4- чакырык 5-сессиясы

2013-жылдын 20-сентябры № 5-9

С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн Нооруз айылынын тургундарынын арызы жѳнγндѳ

С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн Нооруз айылынын тургундарынын А. Сайдахматов атындагы негизги орто мектептин аймагынан балдар бакчасы куруу γчγн жер аянтын ажыратып берγγ жѳнγндѳгγ арызы боюнча айыл Ѳкмѳтγнγн жер, турак жай жана коммуналдык менчик маселери боюнча башкы адиси А. Мамаджановдун билдирγγсγн талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн Нооруз айылындагы А. Сайдахматов атындагы негизги орто мектептин аймагынан Нооруз айылынын тургундары γчγн балдар бакчасы курууга жер ажыратуу маселеси айыл Ѳкмѳтγндѳ “Айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик жана ижара укугун берγγнγн жана инвестициялык курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жѳнгѳ салуу” боюнча тγзγлгѳн комиссиянын кароосуна киргизилсин.

2. Айыл Ѳкмѳтγндѳгγ “Айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик жана ижара укугун берγγнγн жана инвестициялык курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жѳнгѳ салуу” боюнча комиссия аталган маселени чечγγ γчγн мыйзамдарда белгиленген тартипте тийиштγγ документтерди даярдоо менен ѳзγнγн тийиштγγ токтомун айылдык Кеңештин кийинки сессияларына кароону сунуштасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айыл Ѳкмѳтγнѳ жана айылдык Кеңештин агрардык, турак-жай жана муниципиалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.

С.Юсупова айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

М.Т.Мамасаидов
