# Чон-Сары-Ой айылдык кеңешинин 2014-жылдын 22-июлундагы № 1 "Чон-Сары-Ой айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу Жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чон-Сары-Ой айылдык кеңешинин 2014-жылдын 22-июлундагы № 1 "Чон-Сары-Ой айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу Жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/220584>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18222/edition/577139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/220584.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чон-Сары-Ой айылдык кеңешинин 2014-жылдын 22-июлундагы № 1 "Чон-Сары-Ой айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу Жобону бекитүү жөнүндө" токтому (22.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/220584

---

ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

2014-жылдын 22-июлу № 1 Чон-Сары-Ой айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу Жобону бекитүү жөнүндө Чон-Сары-Ой айыл аймагындагы жер участокторуна укуктарды түзүүнүн жана берүүнүн тартибин оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө «Типтүү Жобону бекитүү тууралуу" токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Жер кодекстерине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Мүлккө карата муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Чон-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- "Чон-Сары-Ой айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укугуна акы төлөө, берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө" Жобо (1-тиркеме);

- жер участогунун типтүү ижара келишими (2-тиркеме);

- жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участогуна ижара келишими (3-тиркеме);

- жер участогуна менчик укугунун типтүү сатып алуу-сатуу келишими (4-тиркеме).

2. Чон-Сары-Ой айыл Өкмөтү ижара акыларды эсептөөнү "Чон-Сары-Ой айыл Аймагынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара акыларды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" Жобонун 1-тиркемесине ылайык ижара акынын чендерин колдонуу менен жүргүзсүн.

3. Чон-Сары-Ой айылдык Кеңешинин 10.07.2006-ж № 9 токтому менен кабыл алынган «Чон-Сары-Ой жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жер участокторун сатуу же ижарага берүү боюнча долбоорун ишке ашыруу туралуу комиссия жөнүндө убактылуу Жобо» күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Токтомду каттоо жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Сарбагышевге милдеттендирилсин

6. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин «Депутаттык иш, этика, мыйзамдуулук, укук коргоо, аскердик тарбия, спорт жана жаштар маселеси боюнча» жана «Жер, агрардык реформа, кайра иштетүү, өнөр жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Төрага

У.Абдырахманов
