# Беловодск айылдык кеңешинин 2011-жылдын 21-декабрындагы № 241 “2012-жылга 1,2 жана 3,4 группадагы мүлккө болгон салыгын жана жер салыгын ишке ашыруу жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Беловодск айылдык кеңешинин 2011-жылдын 21-декабрындагы № 241 “2012-жылга 1,2 жана 3,4 группадагы мүлккө болгон салыгын жана жер салыгын ишке ашыруу жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/220424>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18063/edition/580947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/220424.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Беловодск айылдык кеңешинин 2011-жылдын 21-декабрындагы № 241 “2012-жылга 1,2 жана 3,4 группадагы мүлккө болгон салыгын жана жер салыгын ишке ашыруу жөнүндө” токтому (21.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/220424

---

БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 21-декабры № 241 “2012-жылга 1,2 жана 3,4 группадагы мүлккө болгон салыгын жана жер салыгын ишке ашыруу жөнүндө”

17.10.2008-жылдагы КР Салык Кодексинин “жергиликтүү салык болуп, Салык Кодекси менен белгиленген жана административдик-аймактык бирдигине тийиштүү аймактарда төлөмдөргө милдеттүлөрдүн жергиликтүү кеңештин нормативдик актылары менен ишке ашырылган салык эсептелет” 31 беренесинин 3п. ылайык материалдарын угуп жана талкуулап, Беловодск айыл өкмөтүнүн кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Беловодск айыл өкмөтүнүн аймагында 2012-жылдын 01-январынан баштап, 1,2 жана 3,4 группадагы мүлккө болгон салыгы жана жер (айыл чарба жана айыл чарба эмес багытындагы жана короо-жай жана багбанчылык-огород үчастогун колдонуу үчүн) салыгы киргизилсин.

2. КР Салык Кодексинин 33 беренеси менен каралган, КР СК 327 беренесине ылайык жеңилдиктерди колдонуу менен 2012-жылдын 01-январынан 1 группадагы мүлккө салык салуу жүргүзүлсүн.

3. Ушул токтомду Москва районунун мамлекеттик салык кызматынын Башкармалыгына жеткирилсин жана ММК жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары О. Чекирбаевге жана КЭБ башчысынын орун басары К.А. Айдралиевага жүктөлсүн.

Беловодск айыл кеңешинин тѳрайымы:

О.Третьякова
