# Нарын шаардык кеңешинин 2014-жылдын 16-июлундагы № 9 "Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын уюшулгандыгынын 10 жылдыгын өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарын шаардык кеңешинин 2014-жылдын 16-июлундагы № 9 "Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын уюшулгандыгынын 10 жылдыгын өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/220405>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18046/edition/574091/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын шаардык кеңешинин 2014-жылдын 16-июлундагы № 9 "Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын уюшулгандыгынын 10 жылдыгын өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (16.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/220405

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезектеги XV сессиясы

2014-жылдын 16-июлу № 9 Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын уюшулгандыгынын 10 жылдыгын өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 25- июнь 2004- жылдагы №25 Мыйзамы менен “Кыргыз Республикасынын Нарын обусундагы Тяньшань районун Нарын району деп кайра атоо жана Кыргыз Республикасынын Нарын областындагы Нарын районунун курамынан Нарын шаарын чыгаруу жөнүндө жана ага областык маанидеги шаардын статусун берүү тууралу” Мыйзамы чыккан. Мыйзамга ылайык 6-июль 2004- жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин № 218 Жарлыгы менен Нарын шаары облустук маанидеги шаардын статусун алып, Нарын шаардык Кеңеши түзүлүп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка Мыйзамдарын жетекчилике алуу менен шаарыбыздын уюштуруу, финансалык жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2014-жылы Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын облустук маанидеги шаар статусун алгандыгына 10 жыл болгондугуна байланыштуу, 17-сентябрь Нарын шаарынын күнүнө карата 10 жылдыкты белгилөө үчүн атайын иш чара уюштуруу, өткөрүү шаардык Кеңештин депутаттарынын макулдугунун негизинде ишке ашырылмакчы. Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Шаардык Кеңештин сессиясына катышкан депутаттардын колдоосуна ээ болгондуктан, Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын облустук маанидеги шаар статусун алгандыгына 10 жыл толгондугун белгилөө 17-сентябрь 2014-жылдагы Нарын шаарынын күнүнө карата өткөрүүгө макулдук берилсин.

2. Нарын шаардык Кеңешинин , Нарын шаардык мэриясынын 10 жылдыгына карата өткөрүлүүчү иш чараны уюштурууга шаардык мэриянын жоопту кызматкерлеринен жана депутаттардын курамынан атайын комиссия түзүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Тѳрага:

Э.Турсуналиев
