# Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 84 "2013-жылдын 19-ноябрындагы №50 Бишкек шаардык кеңештин “Ачык сынактын негизинде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 84 "2013-жылдын 19-ноябрындагы №50 Бишкек шаардык кеңештин “Ачык сынактын негизинде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/220392>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18034/edition/701149/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/220392.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 84 "2013-жылдын 19-ноябрындагы №50 Бишкек шаардык кеңештин “Ачык сынактын негизинде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (25.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/220392

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 25-июну № 84 2013-жылдын 19-ноябрындагы №50 Бишкек шаардык кеңештин “Ачык сынактын негизинде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын, Бишкек шаардык кеңештин регламентинин жана Бишкек шаарынын прокуратурасынын каршылыгынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы №50 «Ачык сынактын негизинде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

Төмөнкүлөр алынып салынсын: жобонун 12-пунктунун 3) кичи пункту; «Бишкек шаарынын каттамын пайдалануу укугу үчүн акы төлөө наркынын эсеби» (тартылган транспорттон тышкары муниципалдык ишканалардын каттамдарынан башка) №7 тиркемеси; «Келишимдин баасы» №9 тиркеменин 2-главасынын 4-, 5-пункттары;

- «Тараптардын милдеттери» №9 тиркеменин 4-главасынын 8-пунктунун 4-абзацы.

2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кенешинин турак-жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П.Н. Десятников) жана Бишкек шаарынын вице - мэри Т. М. Имашовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин тѳрагасы:

М.А.Аманкулов
