Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы №316 “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 25-июну № 83 Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы №316 “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын (А. Т.Сариев) жана Бишкек шаардык кеңештин “КСДП” фракциясынын (А. М. Кененбаев) сунуштарын карап чыгып, Бишкек шаарынын калкынын социалдык корголбогон катмарын колдоо максатында, жеңилдиктерди алууга укугу бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турак-жай субсидиялар менен көп камтуу үчүн, турак-жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө тарифтердин өсүү тенденциясын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы №316 “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын тургундарына турак-жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө субсидияларды берүү тартиби жөнүндө” жобонун 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-“16%” деген цифра “10%” деген цифра менен алмаштырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэри (К. К. Кулматов): Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, 2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун кароодо бул токтомду ишке ашырууга финансылык каражаттарды карасын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (А.Т.Сариев), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловго жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А. М. Рыскуловага жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин тѳрагасы:
М.А.Аманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Бишкек шаарынын тургундарына турак-жай-коммуналдык кызматтарына акы төлөөгө субсидияларды берүү тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 12.06.2012 · № 316
- Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316 "Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2012 · № 316
Шилтеме берет (3)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316 "Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2012 · № 316
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Бишкек шаарынын тургундарына турак-жай-коммуналдык кызматтарына акы төлөөгө субсидияларды берүү тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 12.06.2012 · № 316