Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ
(III ЧАКЫРЫЛЫШ)
2014-жылы 28-майы №192 Ош шаарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы жөнүндө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Р.Мирзаматовдун Ош шаарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып,Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы жөнүндөгү маселе Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясынын кароосуна калтырылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жана социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы:
У.Примов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөЗакон · 17.07.2004 · № 91