Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кенешинин «Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ
III ЧАКЫРЫЛЫШ)
2014-жылы 28-майы №181 Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылга бекитилген иш планына ылайык Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө башкармалыктын башчысы А.Кадыровдун отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 17-майындагы отурумунун №9-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев)
-Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын Ж.Мамытов көчөсүндөгү балдар бакчасынын жеке менчикке берилип кеткен 1,5 сотых жер тилкесин бакчага кайтаруу; -Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүндөгү «Айдар-Ата» чайканасын бузуп, жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзүү; -«Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасынын айланасындагы унаа токтоочу жайларды мыйзамдаштырып, шаардын бюджетине акча түшүрүү милдеттендирилсин. Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын Саргалчаев көчөсүндөгү сатылып кеткен тери венерологиялык ооруканасына (диспансер) 2013-жылы Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилген акча каражаттарын бюджетке кайтаруу маселеси көзөмөлгө алынсын.
3. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы шаар куруу Кеңешинин (градосовет) 2014-жылдын 13-январындагы жыйынынын №1 протоколунун көчүрмөсүн шаардык прокуратурага мыйзамдуулук жагын текшерип берүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы №85-токтомунун №3-тиркемесинин зоналар картасындагы 3-зонага Исанов көчөсүнүн эки тарабын, Ош мамлекеттик социалдык университетинен (Кыргыз-Өзбек Университети) тартып троллейбусттук каттамдын акыркы аялдамасына чейин (ОшТУ) киргизүү жөнүндө сунуш даярдоо милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы:
У.Примов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.