# 9-статья. Алкоголдук продукцияны сатуучу ишканалардын милдеттери

- Документ: [Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/22)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 3-февралындагы № 11 " Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 03.02.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/22/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-11/edition/619824/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/22/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө, 9-статья (09.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/22/st-9

---

Алкоголдук продукцияны сатуучу ишканалар мамлекеттик стандарттар-

дын талаптарына, ошондой эле ага коюлуучу башка милдеттүү талаптарга

ылайык келүүчү гана продукцияны сатып өткөрүүгө милдеттүү, ал сапат

жөнүндө сертификат тарабынан ырасталат. Сатып алуучулардын талабы боюн-

ча продукцияны сатуучулар даярдоочу ишкана жөнүндө зарыл болгон жана

ынанымдуу маалыматты берүүгө, ошондой эле "Керектөөчүлөрдүн укуктарын

коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан коюлуучу башка

талаптарды аткарууга милдеттүү.

Алкоголдук продукцияны сатууну уюштурууга жана жүргүзүүгө контрол-

дук кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик башка-

руунун аймактык органдары, сооданын, санитардык-эпидемиологиялык конт-

ролдун, стандартташтыруунун жана метрологиянын контролдоочу органдары

тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/22/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/22/st-10)
