# 5-статья. Алкоголдук продукция даярдоо үчүн спиртти пайдаланууга

- Документ: [Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/22)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 3-февралындагы № 11 " Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 03.02.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/22/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-11/edition/619824/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/22/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө, 5-статья (09.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/22/st-5

---

тыюу салуу

Алкоголдук продукцияны даярдоо үчүн:

- ченемдик документтер тарабынан белгиленген талаптарга жооп бер-

беген;

- тамак-ашка кирбеген чийки заттардан алынган спиртти пайдаланууга

тыюу салынат.

Тамак-ашка кирбеген спиртти жүгүртүү Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн же ал ыйгарым укук берген органдын контролу астында жүргүзү-

лөт. Тамак-ашка кирбеген спирттин ченемдик документтердин талаптарына

ылайык келишине баа берүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-

нистрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Стандартташ-

тыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан жүзөгө

ашырылат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мам-

лекеттик бажы инспекциясы республиканын бажы аймагына тамак-ашка кирбе-

ген спирттин иш жүзүндө келип түшүүсү жөнүндө маалымдоого милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-январындагы N 2 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/22/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/22/st-6)
