# 3-статья. Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого

- Документ: [Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/22)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 3-февралындагы № 11 " Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 03.02.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/22/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-11/edition/619824/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/22/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө, 3-статья (09.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/22/st-3

---

жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополияны камсыз кы-

луучу чаралардын тутуму

Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып

өткөрүүгө мамлекеттик монополия атайын чаралардын тутуму:

спиртти эркин өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө тыюу салуу;

алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти лицензия-

лоо;

спиртти майдалап куюп саткан аптека мекемелеринин тармагын кошпо-

гондо, этил спиртин чекенелей сатууга тыюу салуу;

алкоголдук продукцияларды экспорттоону жана импорттоону лицензия-

лоо;

этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын сатуу бааларын жөнгө

салуу;

спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү

чөйрөсүндө мамлекеттик стандарттарды, техникалык шарттарды, ченемдерди

жана эрежелерди белгилөө;

спирттин жана алкоголдук продукциянын сапатына мамлекеттик конт-

ролду жүзөгө ашыруу;

спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү жаатында

мамлекеттик эсепти жана отчеттуулукту уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;

спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жана

сатып өткөрүү чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн жана ата мекендик товар

өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуучу чаралардын комплексин

жүзөгө ашыруу аркылуу иш жүзүнө ашырылат.

Жогоруда саналган бардык чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн компетенциясына таандык.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/22/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/22/st-4)
