# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 428-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 655-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 428-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 655-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 428-р
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219709>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18946/edition/1272259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219709.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 428-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 655-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси (17.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219709

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 17-июлу № 428-т Адам укуктары боюнча иш-чараларды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 655-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган тескеменин тиркемесинде:

- 51, 52 жана 55-пункттардагы "Ишке ашыруу формасы" графасындагы "жана Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн", "Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана" жана "Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн," деген сөздөр алып салынсын;

- 59-пункттагы "Аткаруучулар" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"БИМ, ЭСКММ, ССМ, ЖӨБО, КАУБ (макулдашуу боюнча), Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл";

- 60-пункттагы "Аткаруучулар" графасы "ЖӨБО" деген аббревиатурадан кийин ", Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл" деген сөздөр менен толукталсын;

- 102-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

102

Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка жана "Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигине кепилдик берүү

Тынч чогулуштарга укукту камсыз кылуу боюнча ыкчам чара көрүү максатында кабарлоо берүү үчүн онлайн-форманы иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

Тынч чогулуштарды өткөрүү жөнүндө кабарлоо тартиби жөнөкөйлөтүлдү

Дайыма

ЖӨБО, ИИМ

".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
