# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы N 459-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №41-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы N 459-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №41-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 459-р
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219708>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18945/edition/1274036/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219708.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы N 459-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №41-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219708

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 4-августу № 459-т Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын тездетилген социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин максаттуу трансферттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 41-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. Жалал-Абад шаарынын мэриясы мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык сатып алуу жол-жоболорун жүзөгө ашырууда контракттарды банктык коштоо жол-жобосун колдонбоого укуктуу.".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
