Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинде жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын жана автотранспорт каражаттарынын менчик ээлерине келтирилген зыянды компенсациялоонун тартибин бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси 2023-жылдын 23-майы № 271-т Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинде жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын жана автотранспорт каражаттарынын менчик ээлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинде жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын жана автотранспорт каражаттарынын менчик ээлерине келтирилген зыянды компенсациялоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 17-сентябрындагы ПЖ № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи…Указ · 17.09.2022 · № 313