# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 294-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 294-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 294-р
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219687>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18928/edition/1267033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219687.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 294-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси (30.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219687

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ

2023-жылдын 30-майы № 294-т Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына төмөнкүдөй максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:

- тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Шавай аянтындагы чополуу сланец кенин иштетүү 1-тиркемеге ылайык;

- тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Шавай аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте:

- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объекттерине лицензияларды берсин;

- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров

1-тиркеме

Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Шавай аянтындагы чополуу сланец кенин иштетүүгө тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Ү

1

13433488

4718763

2

13433155

4718765

3

13432844

4718941

4

13432797

4719487

5

13433830

4719952

6

13434348

4719510

Аянты 112,0 га

2-тиркеме

Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Шавай чополуу сланец аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Ү

1

13432455

4718105

2

13431227

4719885

3

13433837

4721415

4

13436390

4722263

5

13436930

4720955

Аянты 946,0 га
