# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 293-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 293-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 293-р
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219686>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18927/edition/1267407/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219686.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 293-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси (30.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219686

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ тескеме 2023-жылдын 30-майы № 293-т

Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан "Кодур-Таш" гранит аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу тиркеме ылайык берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте:

- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объектине лицензия берсин;

- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров

Тиркеме

Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан "Кодур-Таш" гранит аянтынын тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Ү

1

13525450

4490040

2

13526070

4490420

3

13527850

4490820

4

13528890

4491470

5

13529300

4491380

6

13528560

4489740

7

13524980

4487820

8

13524150

4487790

9

13523860

4487940

10

13523850

4488340

Аянты 812,8 га
