Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Муниципалдык маанидеги автомобиль жолдорун категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которуу жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси 2023-жылдын 13-июну № 330-т "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан, узундугу 7 км болгон Каракол - Челпек - Октябрь - "Каракол" тоо лыжа базасы автомобиль жолу муниципалдык маанидеги автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолун оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол фондунун каражаттарынын эсебинен оңдоону жана күтүүнү камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 22.05.2023 · № 104
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон