# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июлундагы № 404-т (Кытайдын Хэнань университетинин алдындагы Жибек Жолу институтуна жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине (мындан ары-Институт) жайларды акысыз негизде пайдалануу укугун берүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июлундагы № 404-т (Кытайдын Хэнань университетинин алдындагы Жибек Жолу институтуна жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине (мындан ары-Институт) жайларды акысыз негизде пайдалануу укугун берүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 404-р
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219675>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18917/edition/1263433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219675.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июлундагы № 404-т (Кытайдын Хэнань университетинин алдындагы Жибек Жолу институтуна жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине (мындан ары-Институт) жайларды акысыз негизде пайдалануу укугун берүү жөнүндө) тескемеси (06.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219675

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 6-июлу № 404-т Гуманитардык, социалдык илимдер жана эл аралык билим берүү жаатындагы билим берүү уюмдарын жана программаларын түзүүнү колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222, 610-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомун эске алуу менен:

1. Кытайдын Хэнань университетине жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу Жибек Жолу институтуна (мындан ары - Институт) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин балансында турган, Бишкек шаары, Манас проспекти, 66 дареги боюнча жайгашкан төртүнчү окуу корпустун жалпы аянты 1016 кв. м болгон үчүнчү кабатындагы жана жертөлөсүндөгү жайларды (үчүнчү кабаттагы жай - 896 кв. м жана жертөлөдөгү жай - 120 кв. м) билим берүү максатында акысыз пайдалануу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып 3 жылдык мөөнөткө акысыз негизде пайдалануу укугу төмөнкү шарттары менен берилсин:

- Институттун каражаттарынын эсебинен бардык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана аларды күтүү боюнча эксплуатациялык чыгымдарды төлөө;

- Институттун каражаттарынын эсебинен жайлардын абалын жакшыртуу, реконструкциялоо, капиталдык жана учурдагы оңдоо жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү боюнча иштерди өз алдынча жүргүзүү.

2. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агентгик менен бирдикте белгиленген тартипте ушул тескеме күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жайларды билим берүү максатында пайдалануу үчүн Институтка өткөрүп берсин;

- Институт менен бирдикте (макулдашуу боюнча) ушул тескеме күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде мамлекеттик мүлктү акысыз пайдалануу жөнүндө келишимди түзсүн.

3. Институт ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттү эске алуу менен белгиленген тартипте өткөрүп берилүүчү объекттерди акысыз убактылуу пайдаланууга кабыл алсын жана аларды максаттуу багыты боюнча гана пайдалансын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
