# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 362-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 362-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 362-р
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219667>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18911/edition/1261789/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219667.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 362-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (13.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219667

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси 2023-жылдын 22-июну № 362-т Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде: "Медициналык максатта этил спиртин пайдалануучу субъекттер" I бөлүмүндө:

- 1-главанын 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"17. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";

- 2-главанын 32-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"32. Бишкек шаардык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";

- 3-главанын 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Жалал-Абад облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";

- 3-главанын 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14. Сузак районунун аймактык ооруканасы";

- төмөнкүдөй мазмундагы 37-пункт менен толукталсын:

"37. Сузак районунун үй-бүлөлүк медицина борбору";

- 4-главанын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Талас облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";

- 5-главанын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ысык-Көл облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";

- төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:

"17. Ананьево айылынын жалпы дарыгерлик практика борбору";

- 6-главанын 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";

- 7-главанын 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10. Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";

- 8-главанын 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16. Баткен облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";

- 9-главанын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Чүй облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";

- 9-главанын 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Жайыл районунун аймактык ооруканасы";

- төмөнкүдөй мазмундагы 24-пункт менен толукталсын:

"24. Жайыл районунун үй-бүлөлүк медицина борбору";

- "Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жергиликтүү өндүрүүчүлөр" 10-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:

" 18. "IPAR PHARM" жоопкерчилиги чектелген коому"; "Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" III бөлүмүндө:

- 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"25. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнологиялар институту";

- 63-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"63. "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси" филиалы";

- төмөнкүдөй мазмундагы 117, 118, 119, 120-пункттар менен толукталсын:

"117. "Ак-Жалга" жабык акционердик коому

118. "Максат Академиясы" билим берүү борбору" жоопкерчилиги чектелген коому

119. "Нур&Ай компани" жоопкерчилиги чектелген коому

120. "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасы".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
