# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы №522-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-январындагы №24-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы №522-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-январындагы №24-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 522-р
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219663>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18909/edition/1261097/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219663.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы №522-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-январындагы №24-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (28.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219663

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 28-сентябры № 522-т Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-январындагы № 24-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Топтолгон финансылык резервдер" 28, 29-беренелери боюнча каралган каражаттардан мамлекеттик резервди толуктоо үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн, ошондой эле жергиликтүү айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн 14702,6 тонна көлөмүндө аштык буудай сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондуна 1401966000 (бир миллиард төрт жүз бир миллион тогуз жүз алтымыш алты миң) сом бөлсүн;";

- 2-пунктундагы "Щелкого Агрохим" деген сөздөр "Щелково Ахрохим" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктунда:

3-пунктчасы "разнарядкасына ылайык" деген сөздөрдөн кийин "жана "Айыл Банк" же "РСК Банк" ачык акционердик коомдорунун коштомо кагаздары боюнча" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын: "4) жазгы себүү үчүн ташып киргизилген, бирок 2022-жылы тандалып алынбаган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн 2023-жылдын 20-февралына чейин сактоону камсыз кылсын.";

- 4-пунктунун 2-пунктчасы "карызды төлөөдөн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле үрөндү накталай же накталай эмес эсептешүү менен сатуудан" деген сөздөр менен толукталсын;

- 6-пунктунун 1-пунктчасындагы "2022-жылдын 1-февралына" деген сөздөр "жаздык себүү үчүн 2022-жылдын 1-февралына жана 1-декабрына чейин, ал эми күздүк себүү үчүн - 2022-жылдын 25-сентябрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Үрөнчүлүк чарбалардын жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдүн кредитти төлөө мөөнөтү төмөнкүдөй төлөө шарттарында ишке ашырылат деп белгиленсин:

2022-жылы жаздык себүү үчүн үрөн сатып алууда

2022-жылы күздүк себүү үчүн (2023-жылдын түшүмү үчүн) жана 2023-жылы жаздык себүү үчүн үрөн сатып алууда

Биринчи жыл: 2022-жылдын 15-ноябрына чейин - 50%

Биринчи жыл: 2023-жылдын 15-ноябрына чейин - 30%

Экинчи жыл: 2023-жылдын 15-ноябрына чейин - 50%

Экинчи жыл: 2024-жылдын 15-ноябрына чейин - 35%

Үчүнчү жыл: 2025-жылдын 15-ноябрына чейин - 35%

".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
