# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы N 401-т (Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулук кеңешинин курамынын кыргыз бөлүгүн бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы N 401-т (Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулук кеңешинин курамынын кыргыз бөлүгүн бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 401-р
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219650>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/219650/edition/1260375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219650.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы N 401-т (Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулук кеңешинин курамынын кыргыз бөлүгүн бекитүү тууралуу) тескемеси (01.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219650

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2022-жылдын 28-июлу № 401-т

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июлундагы № 491-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулук кеңешинин ишин оптималдаштыруу максатында, 1995-жылдын 30-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетин түзүү жөнүндө келишимге, ошондой эле 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин мындан аркы иши жөнүндө келишимге жана 2012-жылдын 23-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставы тууралуу меморандумга ылайык күчүнө кирген Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставына ылайык: Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулук кеңешинин курамынын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |  | А.Жапаров |
| --- | --- | --- |
|  |  | Тиркеме |

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулук кеңешинин кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июлундагы № 491-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Кызмат орду боюнча:

- Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

- Бишкек шаарынын мэри.
