Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Камкорчулук кеңешинин курамынын кыргыз бөлүгүн бекитүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2022-жылдын 28-июлу № 401-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июлундагы № 491-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулук кеңешинин ишин оптималдаштыруу максатында, 1995-жылдын 30-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетин түзүү жөнүндө келишимге, ошондой эле 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин мындан аркы иши жөнүндө келишимге жана 2012-жылдын 23-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставы тууралуу меморандумга ылайык күчүнө кирген Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставына ылайык: Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулук кеңешинин курамынын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.Жапаров | |
| Тиркеме |
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулук кеңешинин кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июлундагы № 491-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кызмат орду боюнча:
- Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- Бишкек шаарынын мэри.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин УставыУстав · 23.08.2012
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.