# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-июнундагы №344-т (Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров автомобиль жолунун 0-100 км участогун капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы аныктоо тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-июнундагы №344-т (Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров автомобиль жолунун 0-100 км участогун капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы аныктоо тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 344-р
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219637>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18891/edition/1261217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219637.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-июнундагы №344-т (Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров автомобиль жолунун 0-100 км участогун капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы аныктоо тууралуу) тескемеси (16.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219637

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 16-июну № 344-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15 июнундагы № 105 тескемесин ишке ашыруу максатында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коому Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров автомобиль жолунун 0-100 км участогун капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ала-бука-Жаңы-Базар-Киров автомобиль жолунун 0-100 км участогун капиталдык оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан сатып алуу методу менен сатып алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги капиталдык оңдоо боюнча иштерди 2023-жылга республикалык бюджетте “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен каржыласын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрелер Кабинетине каращштуу Архитектура, курулуш жана турай жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттиги автомобиль жолунун жогоруда аталган участогун капиталдык оңдоо боюнча тиешелүү жол-жоболорду өз убагында жүргүзүүгө көмөк көрсөтсүн.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдери аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул тескемеге кол коюлган учурдан тартып он беш календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана күчүнө кирген күндөн тартып эки жыл бою колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
