# Распоряжение Президента Кыргызской Республики от 15 июня 2023 года РП N 105 (Об оперативном решении вопроса капитального ремонта автомобильной дороги Ала-Бука - Жаны-Базар - Кировка)

- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: РП № 105
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219633>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18887/edition/1261215/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219633.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Распоряжение Президента Кыргызской Республики от 15 июня 2023 года РП N 105 (Об оперативном решении вопроса капитального ремонта автомобильной дороги Ала-Бука - Жаны-Базар - Кировка) (15.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219633

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 14-июну ПТ № 104 Узундугу 100 км болгон Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка автомобиль жолун капиталдык оңдоо маселесин ыкчам чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети узундугу 100 км болгон Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка автомобиль жолун капиталдык оңдоо боюнча подрядчыны аныктоо жөнүндө тиешелүү чечимди белгиленген тартипте даярдасын.

Караңыз: КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-июнундагы N 344-т (Ала-Бука - Жаңы-Базар - Киров автомобиль жолунун капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчысын аныктоо тууралуу) тескемеси

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
