# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июнундагы № 307-т (Жийделик - Ак-Кыя автомобиль жолу муниципалдык маанидеги автомобиль жолдорунун категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которуу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июнундагы № 307-т (Жийделик - Ак-Кыя автомобиль жолу муниципалдык маанидеги автомобиль жолдорунун категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которуу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 307-р
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219622>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18878/edition/1259657/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219622.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июнундагы № 307-т (Жийделик - Ак-Кыя автомобиль жолу муниципалдык маанидеги автомобиль жолдорунун категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которуу тууралуу) тескемеси (05.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219622

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 5-июну № 307-т

"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында жайгашкан, узундугу 12 км Жийделик - Ак-Кыя автомобиль жолу муниципалдык маанидеги автомобиль жолдорунун категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолун оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана Жол фондунун каражаттарынын эсебинен оңдоону жана күтүүнү камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
