Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Жийделик - Ак-Кыя автомобиль жолу муниципалдык маанидеги автомобиль жолдорунун категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которуу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 5-июну № 307-т
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында жайгашкан, узундугу 12 км Жийделик - Ак-Кыя автомобиль жолу муниципалдык маанидеги автомобиль жолдорунун категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолун оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана Жол фондунун каражаттарынын эсебинен оңдоону жана күтүүнү камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 22.05.2023 · № 104
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон