# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 331-т (2023-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 331-т (2023-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 331
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219620>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18876/edition/1259617/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219620.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 331-т (2023-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү тууралуу) тескемеси (13.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219620

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 13-июну № 331-т

2023-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды сапаттуу жана өз убагында өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине жана "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык:

1. 2023-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүдөй ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чаралар өткөрүлсүн:

1) эркектер жана кыз-келиндер арасында дзюдо боюнча "Эр Жанек" рейтингдик ачык Азия кубогу, 2023-жылдын 8-11-июну, Бишкек ш.;

2) эркектер командалары арасында (борбордук зона) волейбол боюнча Азия чемпионаты (Улуттар лигасы), 2023-жылдын 16-25-июну, Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата ш.;

3) ГТФ таэквон-до боюнча дүйнө чемпионаты, 2023-жылдын 24-31-июлу, Бишкек ш.;

4) самбо боюнча Дүйнө кубогу, 2023-жылдын 22-23-августу, Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата ш.;

5) кыз-келиндер командаларынын арасында кум үстүндөгү волейбол боюнча Азиянын олимпиадалык квалификациясы, 2023-жылдын 22-31-августу, Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата ш.;

6) спринт дистанциясында триатлон боюнча Азия кубогу, 2023-жылдын 9-10-сентябры, Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата ш.;

7) жаштар арасында самбо боюнча дүйнө чемпионаты, 2023-жылдын 13-15-октябры, Бишкек ш.;

8) бодибилдинг боюнча Дүйнө кубогу жана фитнес-челлендж боюнча дүйнө чемпионаты, 2023-жылдын 26-30-октябры, Бишкек ш.

2. 2023-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 2023-жылга каралган каражаттардын чегинде ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө финансылык каражаттарды өз убагында бөлүүнү карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чаралардын катышуучуларын медициналык тейлөөнү камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чаралардын катышуучулары жашаган жерлерде коомдук тартипти сактоону жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдын ала жөнөтүлгөн расмий өтүнүч каттарынын негизинде чет өлкөлүк жарандарга - ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чаралардын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтому менен бекитилген Жобого ылайык консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражат албастан Кыргыз Республикасынын визаларын жана визалык колдоону тариздөөгө көмөк көрсөтсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн компетенциясынын чегинде ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чаралардын катышуучуларынын, расмий адамдарынын жана ардактуу меймандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрсүн, чет өлкөлүк жарандардын - ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чаралардын катышуучуларынын тиешелүү документтерин макулдашуу боюнча чечимдерди ыкчам тартипте кабыл алсын, аларга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө көмөк көрсөтсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:

- уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук-техникалык жана башка камсыздоону жүзөгө ашырсын;

- ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүнү каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырсын;

- ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук жана даярдоо чараларын көрсүн.

9. Төмөнкүлөр сунушталсын:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларга даярдык көрүүнүн, өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдырууну жана көрсөтүүнү камсыз кылуу;

- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна "Манас-2" аэропортунун расмий делегациялар залы аркылуу акысыз негизде ардактуу конокторду-делегаттарды тосуп алууну уюштурууга көмөк көрсөтүү;

- Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын көчөлөрүн ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чаралардын тийиштүү символикалары бар жарнамалык такталар менен жасалгалоого көмөк көрсөтүү;

- Чолпон-Ата шаарынын мэриясына Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүн ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чаралардын тийиштүү символикалары бар жарнамалык такталар менен жасалгалоого жана уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүү.

10. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

2023-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри - уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы спорттун олимпиадалык, олипиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциялардын директорлору;

- "Манас эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Бишкек шаарынын мэри;

- Чолпон-Ата шаарынын мэри;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;

- Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрү боюнча федерацияларынын президенттери.
