# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 325-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 325-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 325-р
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219619>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18875/edition/1259989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219619.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 325-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси (13.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219619

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 13-июну № 325-т

Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:

- 1-тиркемеге ылайык координаттардын тик бурчтуу системасындагы бурчтук чекиттери менен Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан "Жаңы-Арык" участогунун мунай жана газ кенинде геологиялык издөө иштерин жүргүзүү;

- 2-тиркемеге ылайык координаттардын тик бурчтуу системасындагы бурчтук чекиттери менен Ош облусунун Алай районунда жайгашкан "Ачикташ" участогунун мунай жана газ кенинде геологиялык издөө иштерин жүргүзүү.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объекттерине лицензияларды берсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

1-тиркеме

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан "Жаңы-Арык" участогунда мунай жана газ кенинде геологиялык издөө иштерин жүргүзүү үчүн координаттардын тик бурчтуу системасындагы бурчтук чекиттер

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Y

1

13344237

4552389

2

13347706

4549717

3

13343777

4546841

4

13340072

4549046

Аянты 2102,4 га

2-тиркеме

Ош облусунун Алай районунда жайгашкан "Ачикташ" участогунун мунай жана газ кенинде геологиялык издөө иштерин жүргүзүү үчүн координаттардын тик бурчтуу системасындагы бурчтук чекиттер

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Y

1

13318043

4386333

2

13325501

4386247

3

13325367

4381817

4

13318113

4381701

Аянты 3332,9 га

End\_nocompare
