# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 290-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 290-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 290-р
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219607>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18866/edition/1255171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219607.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 290-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси (17.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219607

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 742 токтомуна ылайык ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 30-майы № 290-т

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 631-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына төмөнкүдөй максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:

- тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Чандалаш кенинин Найза-Тугай чачыранды алтын участогунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү 1-тиркемеге ылайык;

- тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Араб чачыранды алтын участогунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте:

- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объекттерине лицензияларды берсин;

- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

1-тиркеме

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Чандалаш кенинин "Найза-Тугай" чачыранды алтын участогунун тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 631-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Ү

1

12611423,97

4609068,61

2

12611463,94

4609152,82

3

12611739,68

4609509,44

4

12612403,84

4609877,89

5

12612810,18

4610126,79

6

12613028,32

4610198,43

7

12613105,93

4610123,02

8

12613214,35

4610100,07

9

12613402,48

4609826,02

10

12613369,78

4609814,06

11

12613347,29

4609864,82

12

12613274,09

4609986,81

13

12613248,84

4610021,21

14

12613213,67

4610077,13

15

12613157,87

4610086,64

16

12613131,84

4610051,93

17

12613024,93

4609964,10

18

12612875,97

4609908,34

19

12612297,69

4609255,63

20

12611987,86

4609077,73

21

12611795,01

4609068,68

22

12611655,32

4609013,46

23

12611521,03

4609020,60

Аянты 68,6 га

2-тиркеме

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан "Араб" чачыранды алтын участогунун тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 631-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Ү

1

12608241,56

4606442,65

2

12608515,51

4606641,90

3

12608875,79

4606952,79

4

12609181,3

4607151,40

5

12609405,49

4607349,32

6

12609678,77

4607507,69

7

12609838,32

4607699,97

8

12610177,62

4607547,63

9

12610017,15

4607334,44

10

12609709,05

4606969,88

11

12609376,29

4606838,07

12

12608926,62

4606685,66

13

12608572,73

4606236,80

Аянты 72,95 га
