Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын («Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 29-майы № 259 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Т.Токтошев, А.Т.Эрбаев, Ж.П.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркемеге ылайык корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 29-майындагы № 259 тескемеси менен жактырылган
"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Т.Токтошев, А.Т.Эрбаев, Ж.П.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет деп белгилөө сунушталууда. Ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28 жана 30-беренелерине ылайык расмий жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү ченемдик укуктук актынын юридикалык күчүнө киришинин милдеттүү шарттары болуп саналат. Ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилет. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.". Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мыйзамдын долбоорун ушул корутундудагы сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндөЗакон · 13.03.2014 · № 41