Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б.Бакасов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын аймагында никотинди жана электрондук сигареттерди жеткирүүнүн электрондук системаларын пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Кыргыз Республикасынын жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 29-майы № 256
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б.Бакасов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын аймагында никотинди жана электрондук сигареттерди жеткирүүнүн электрондук системаларын пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 29-майындагы № 256 тескемеси менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б. Бакасов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын аймагында никотинди жана электрондук сигареттерди жеткирүүнүн электрондук системаларын пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б.Бакасов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын аймагында никотинди жана электрондук сигареттерди жеткирүүнүн электрондук системаларын пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун (мындан ары - мыйзам долбоорлору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. Мыйзам долбоорлорунда Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук сигареттерди жана никотинди электрондук жеткирүү системасын пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда. Аталган түзүлүштөр табылган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга аларды алып коюу сунушталат. Аларды алып коюу жана жок кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын аймагында никотинди жана электрондук сигареттерди жеткирүүнүн электрондук системаларын пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузган адамдардын жоопкерчилигин жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салуу түрүндө кароо сунушталат. Бирок Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15, 40-беренелеринде ар кимге өз мүлкүнө, өз ишинин натыйжаларына ээ болуу, пайдалануу жана тескөө укугуна кепилдик берилет. Менчик кол тийгис. Эч ким ээнбаштык менен өз мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Мүлктү менчик ээсинин эркинен тышкары алып коюуга мыйзамда белгиленген тартипте соттун чечими боюнча гана жол берилет. Мыйзам менен адамдын укуктары жана эркиндиктери башка максаттарда жана Конституцияда каралгандан ашык даражада чектөө белгилениши мүмкүн эмес. Ошондой эле Конституцияда белгиленген адамдын укуктары менен эркиндиктери эч кандай чектөөлөргө жатпайт. Бул карама-каршылык жарандардын өз мүлкүн эркин тескөө конституциялык укугунун бузулушуна алып келиши мүмкүн. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунан бул түзүлүштөрдү кайсы конкреттүү мамлекеттик орган алып кое тургандыгы түшүнүксүз, бул алып коюу жол-жобосунда аныксыздыкты пайда кылат жана жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келиши мүмкүн. Мында негиздеме-маалымкатта ошондой эле көрсөтүлгөн түзүлүштөрдү алып коюу жол-жобосу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө маалымат камтылбайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам жаратуу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди жасоого жол берилбейт. Ушуга байланыштуу аталган Мыйзамдын долбоорунун 1 жана 2-беренелеринде тиешелүү мыйзамдардын тармагын же чөйрөсүн көрсөтүү зарыл. "Кыргыз Республикасынын аймагында никотинди жана электрондук сигареттерди жеткирүүнүн электрондук системаларын пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 3-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин сунушталган Мыйзамдын долбооруна ылайык келтирүү тапшырылат. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, сунушталып жаткан ченемдик укуктук актынын долбооруна сунушталган өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 3-беренеси боюнча ушуга окшош сын пикир белгиленет. Сунушталган мыйзам долбоорлорунда жана алардын негиздеме-маалымкатында Кыргыз Республикасынын аймагында никотинди жеткирүүнүн электрондук системасын жана электрондук сигареттерди пайдаланууга тыюу салуу сунушталгандыгына көңүл бурабыз. Мында электрондук сигареттерди жана никотинди жеткирүүнүн электрондук системасын ташып келүүгө, сатып өткөрүүгө жана сатууга уруксат берилген бойдон калууда. Ошол эле учурда жөнгө салуучу таасирин талдоого ылайык сунушталган жөнгө салуу таасиринде никотинди жана электрондук сигареттерди жеткирүүнүн электрондук системасын ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатып өткөрүүгө жана сатууга толук тыюу салуу белгиленген. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоонун тыянактарына ылайык келбегендигин белгилейбиз. Мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын аймагында никотинди жана электрондук сигареттерди жеткирүүнүн электрондук системаларын пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кабыл алынса, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин, никотиндин таасиринен жана курчап турган тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келбей калуулар болушу мүмкүн, анткени аталган Мыйзамда тамекини жана никотинди жеткирүүнү кыскартууга, ошондой эле бул заттарга суроо-талапты азайтууга багытталган негизги чараларды жөнгө салуучу ченемдер камтылган. Ошентип, мыйзамдарда мүмкүн болуучу карама-каршылыктарды болтурбоо үчүн сунушталган өзгөртүүлөргө кылдат талдоо жүргүзүү зарыл. Ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин укуктук порталында никотин камтыган продукцияга Евразия экономикалык бирлигинин Техникалык регламентинин долбоору жарыяланган. Белгиленген Техникалык регламент менен никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларына талаптар белгиленет. Ошентип, никотинди жана электрондук сигареттерди жеткирүүнүн электрондук системасын ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатып өткөрүүгө жана сатууга тыюу салынган учурда белгиленген Техникапык регламент улуттук мыйзамдарга карама-каршы келип калат. Ушуга байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин Техникалык регламенти колдонууга киргизилгенге чейин улуттук стандарттардан Евразия экономикалык бирлигинин стандарттарына натыйжалуу өтүү үчүн Техникалык регламенттин талаптарына максималдуу жооп берген улуттук стандарт зарыл деп эсептейбиз. Мындан тышкары ак ниет ишкерлердин гана рыноктон чыгуусунун жана контрабандалык жана контрафакттык продукциялардын көбөйүшүнүн мүмкүн болуучу тобокелдиктерине көңүл бурабыз. Алсак, Кытай, Россия, Казакстан, Беларусь, Армения сыяктуу коңшу өлкөлөрдө жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө никотинди жеткирүүнүн электрондук системасын жүгүртүүгө тыюу салынган эмес. Ушуга байланыштуу өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү жана чек аралардын ачыктыгынын даражасын эске алганда, мыйзамсыз рынок бул продукцияны контрабандалык алынып келиниши менен дайыма толукталып турат. Ошондой эле никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларына тыюу салуу адилетсиз жана бирдей эмес чектөө катары кабыл алынышы мүмкүн, анткени никотинди камтыган салттуу тамекилер рынокто калып, тыюу салынбайт. Мындай мамиле сунуш кылынган тыюу салуунун негиздүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна шек келтириши мүмкүн. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында ченемдик укуктук актынын кабыл алуунун натыйжасында жетишүү же чечүү болжолдонгон максаттар жана милдеттер, ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу учурунда колдонулуп жаткан ченемдик укуктук базанын талдоосу, коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүндө колдонулуп жаткан мыйзамдардын мониторинги жана баалоосу жөнүндө маалыматтар, ченемдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга ылайыктуулугунун талдоосу камтылууга тийиш. Ушуга байланыштуу негиздеме-маалымкат аталган Мыйзамдын 25-беренесинин талаптарына ылайык келбегендигин белгилейбиз. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул корутундуда баяндалган сунуштарды эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын аймагында никотинди жана электрондук сигареттерди жеткирүүнүн электрондук системаларын пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндөЗакон · 15.09.2021 · № 121
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2015 · № 5389-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча НУСКАМА (КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилди)Инструкция · 26.06.2015 · № 5389-V