# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 291-т ("Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 291-т ("Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 291-р
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219600>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18860/edition/1254817/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219600.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 291-т ("Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө) тескемеси (30.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219600

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 30-майы № 291-т Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна төмөнкүдөй максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:

- тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Ош облусунун Алай районунда жайгашкан Терек алтын кенин иштетүү 1-тиркемеге ылайык:

- тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Ош облусунун Алай районунда жайгашкан Каракала-Терек алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү 2-тиркемеге ылайык;

- тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан Чакуш алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте:

- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объекттерине лицензияларды берсин;

- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

1-тиркеме

Ош облусунун Алай районунда жайгашкан Терек алтын кенин иштетүү максатында участоктун тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Ү

1

13372120

4429823

2

13373287

4431559

3

13374268

4432284

4

13375105

4432235

5

13374029

4431087

6

13372887

4429512

Аянты 270 га

2-тиркеме

Ош облусунун Алай районундa жайгашкан Каракала-Терек аянтынын алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында участоктун тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Ү

1

13370320

4427035

2

13374920

4440430

3

13380400

4440420

4

13374675

4426635

Аянты 6508 га

3-тиркеме

Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан Чакуш алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында участоктун тик бурчтуу координаттap системасындагы бурчтук чекиттери

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Ү

1

12674000

4410000

2

12673520

4411470

3

12677150

4411470

4

12677150

4410065

5

12676500

4409500

6

12674800

4407315

7

12674000

4407795

Аянты 978 га
